Салык кызматы: 11 айда 2,1 млн тонна күйүүчү-майлоочу май маркаланган
Мамлекеттик салык кызматы күйүүчү майды маркалоо оператору – "Учкун" ачык акционердик коому менен биргеликте 2025-жылдын 1-декабрына карата 2 млн 142,2 миң тонна бензин жана дизель отунун маркалады. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Мындан тышкары, 2025-жылдын 11 айында күйүүчү-майлоочу материалдарга (КММ) карата акциз салыгы боюнча 3 млрд 736,7 млн сом түшкөн. КММ боюнча акциз салыгынан түшүүлөр өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 79 млн 607,7 миң сомго көбөйгөн.
Эске салсак, 2024-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстанда өлкөгө импорттолгон жана өлкө ичинде өндүрүлгөн бензин менен дизель отунун молекулярдык маркерлерди колдонуу аркылуу милдеттүү маркалоо киргизилген.
Ошондой эле, 2025-жылдын 1-январынан тартып маркасы жок бензиндин жана дизель отунун жүгүртүлүшүнө тыюу салынган.Маркалоо системасын колдонуу КММнын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүгө, керектөөчүлөр үчүн күйүүчү майдын сапатын жогорулатууга жана акциз салыгын башкарууну жакшыртууга өбөлгө түзөт.