Ысык-Көлдөн 2023-жылдан бери 43 миң тоннадан ашык таштанды алынды
2023-жылдан бери Кыргызстанда Ысык-Көлдөн 43 миң тоннадан ашык таштанды жана 400 километрден ашык балык уулоочу торлор чыгарылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдады.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча ӨКМге караштуу Суучулдар кызмат борборунун суучулдары көлдү тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.
"Бул убакыт аралыгында көлдүн түбүнүн бир миллион гектардан ашык аянты текшерилип, 43 миң тоннадан ашык таштанды жана 400 километрден ашык балык уулоочу торлор чыгарылды. Иштин жүрүшүндө браконьерлик кайыктар табылып, алардын бир бөлүгү Ички иштер министрлигине жана Жаратылыш ресурстары, экология министрлигине өткөрүлүп берилди", — деп айтылат маалыматта.