11 айда суу пайдалануудан түшкөн каражат 263 млн сомду түздү

11 айда суу пайдалануудан түшкөн каражат 263 млн сомду түздү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ушул жылдын январь-ноябрь айларындагы ирригация жана таза суу тармагындагы негизги жетишкендиктерди жарыялады. Өлкөдө суу пайдалануу натыйжалуулугу жана дыйкандарга жеткирилген ресурстар көбөйдү.

Министрликтин маалыматына ылайык, акыркы 11 айда өлкө боюнча 5,6 млрд куб метр суу алынган. Сугат суу 404 юридикалык жакка жана 77 миңден ашуун дыйканга жеткирилип, 2,8 млн гектардан ашык жер сугарылды.

Өлкөдө 10 суу сактагыч толук пайдаланууга берилди, ондогон объектилерде курулуш жана долбоорлоо иштери уланууда. 550 км канал оңдолуп, жүздөгөн гидротехникалык курулмалар жана насостук станциялар жаңыланды. Жаңы 729 га жер өздөштүрүлүп, 22 миң гектардан ашык сугат жердин суу камсыздоосу жакшырды.

Сууну үнөмдөө максатында тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системалары 17,7 миң гектарга орнотулду. Чүй облусунда бул ыкма кеңири колдонулуп, Ысык-Көл облусу пилоттук аймак катары тандалды.

Тарифтерди киргизүү менен суу пайдалануудан түшкөн каражат 2,5 эсеге көбөйүп, 263 млн сомду түздү. Бул каражаттар кайра эле ирригация объекттерин жакшыртууга багытталат. Кургакчылыкка карабастан, быйылкы сугат сезонунда дыйкандардан олуттуу нааразычылыктар болгон эмес.

Таза суу боюнча өлкөдө 796 айыл таза суу менен камсыз болду, 600дөн ашык айылда курулуш жана даярдык иштери уланууда. Мындан тышкары, тармакта санариптештирүү активдүү жүрүп, суу эсептөө датчиктери орнотулууда, онлайн төлөмдөр жана ирригациялык карталар иштелип чыкты.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусунун Араван районунда жергиликтүү актив жана тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өтүп, анда аймактагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү. Жолугушууда тургундар мектеп жана бала бакча куруу, билим берүү мекемелерин кеңейтүү, жер тилкелерин берүү, ирригация системасын жакшыртуу, газдаштыруу, медициналык тейлөө жана жол инфраструктурасы боюнча маселелерди

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районуна барып, аймакты өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Араван районунун акими Данияр Эркимбаев мамлекет башчысына акыркы жылдары аткарылган иштер жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2021–2025-жылдары жол тармагына 954

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкек шаарынын ИИББгы дем алыш күндөрү жарандардын коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнан кабарлашты. билдирүүгө караганда, өзгөчө көңүл укук бузуулардын алдын алууга, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, ошондой эле кыраакылыкты жогорулатууга бурулмакчы. Ага ылайык, сейил бактарда жана адамдар көп чогулган жайларда кызмат өтөөгө өзгөчө көңүл

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте 10-апрелде финансылык алдамчылыкка каршы күрөшүү маселелери боюнча блогерлер жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө мобилдик байланыш жана интернет аркылуу жасалган алдамчылык схемалары тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча “дропперлик” — жарандардын банктык карталарын жана жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга берүү