25-декабрда Бишкектин бир катар көчөлөрүндө ичүүчү суу өчүрүлөт

25-декабрда Бишкектин бир катар көчөлөрүндө ичүүчү суу өчүрүлөт

 25-декабрда саат 10:00дөн 18:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдирди.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелген:

1) Турусбеков  көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
2) Жибек Жолу, Держинская,  Баялинов  көчөлөрү  Ала-Арча дарыясына чейин жана Жибек Жолу проспектиси.

Күрөңкеев  көчөсүндөгү D-400 мм суу түтүгүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-япон санарип университетин (K-JDU) түзүү пландалып жатат

Кыргыз-япон санарип университетин (K-JDU) түзүү пландалып жатат

Кыргызстанда Кыргыз-Япония санарип университетин (K-JDU) түзүү пландалып жатат. Үч тараптуу кызматташуу жөнүндө меморандум 20-декабрда "Борбордук Азия — Япония" бизнес-форумунун алкагында кол коюлганын  Жогорку технологиялар паркы (ЖТП) билдиргенин Economist.kg сайты жазды. ЖТПнын маалыматына ылайык, демилге Кыргызстан менен Япониянын IT жана билим берүү тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган. Ошондой эле ал

Ош облусунда мыйзамсыз аңчылык кылгандарга 156 миң сом айып салынды

Ош облусунда мыйзамсыз аңчылык кылгандарга 156 миң сом айып салынды

Ош облусунун Ноокат, Өзгөн жана Алай райондорунда мыйзамсыз аңчылык кылган жарандарга жалпы 156 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу NABU Кыргызстан уюму маалымдады. Маалыматка ылайык, мыйзам бузуулар 18-22-декабрь күндөрү өткөрүлгөн пландан тышкаркы рейддин жүрүшүндө аныкталган. Рейд NABU Кыргызстан уюмунун "Барс-2" ыкчам тобу жана Жаратылыш министрлигине караштуу Ош

Салык кызматы 11 айда 19,4 млрд сомдон ашык акциз салыгын чогултту

Салык кызматы 11 айда 19,4 млрд сомдон ашык акциз салыгын чогултту

Үстүбүздөгү жылдын январь–ноябрь айларында Мамлекеттик салык кызматы өлкөдө өндүрүлгөн жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден алынып келинген товарлардан бюджетке 19 млрд 493,06 млн сом акциз салыгынын түшүүсүн камсыз кылды. Салык кызматынын маалыматына ылайык, акциз салыгын чогултуу көрсөткүчтөрү 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 млрд 1,7 млн сомго же 17,3%

180 миң доллар пара менен ИИМ кызматкери жана анын шериги кармалды

180 миң доллар пара менен ИИМ кызматкери жана анын шериги кармалды

Бишкекте 90 миң доллар пара алган 2 адам кармалганын жана алардын бири ИИМ кызматкери экенин УКМК "Кабар" агенттигине билдирген. 14-декабрда Кыргызстандын укук коргоо системасындагы коррупцияны жоюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында атайын кызмат тарабынан 90 миң доллар накталай акча алып жаткан жеринен Кыргызстандын жараны Ж.К.Т. кармалган.