Чүй облусундагы райондордун биринин акими кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган
КР УКМК тарабынан кум-шагыл аралашмаларын казып алууга күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү жолу менен кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Чүй облусунун Чүй районунун акими Т.Р.Т. кармалды.
УКМКнын маалыматына караганда, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Т.Р.Т. КРнын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы №43 токтомунун талаптарын бузуп, 0,1 гектардан ашпаган аянттагы дарыянын нугунан кум-шагыл аралашмасын казып алууга лицензия берүүгө уруксат берген. Бирок иш жүзүндө 20 гектар жер участогун пайдаланууга уруксат бергени аныкталган.
Мындан тышкары, Чүй районунун акими Т.Р.Т. айрым чарбалык субъектилер менен кылмыштуу макулдашууга кирип, ошондой эле жакын тууганынын кызыкчылыктарын коргоо максатында өлкөнүн мыйзамдарын бузуу менен күбөлүктөрдү берүүгө уруксат берген.
2025-жылдын 16-декабрында жүргүзүлгөн тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, Чүй районунун азыркы акими Т.Р.Т. КР Жазык-процессуалдык кодексине ылайык, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда КР УКМК бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүп жатат.

