Ош облусунда мыйзамсыз аңчылык кылгандарга 156 миң сом айып салынды
Ош облусунун Ноокат, Өзгөн жана Алай райондорунда мыйзамсыз аңчылык кылган жарандарга жалпы 156 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу NABU Кыргызстан уюму маалымдады.
Маалыматка ылайык, мыйзам бузуулар 18-22-декабрь күндөрү өткөрүлгөн пландан тышкаркы рейддин жүрүшүндө аныкталган. Рейд NABU Кыргызстан уюмунун "Барс-2" ыкчам тобу жана Жаратылыш министрлигине караштуу Ош облусундагы башкармалыктардын кызматкерлери тарабынан биргелешип жүргүзүлгөн.
Акыркы күндөрү жааган карга байланыштуу аңчылыкка чыккан адамдардын саны көбөйгөндүктөн, көзөмөл чаралары күчөтүлгөн. Текшерүүлөр Ноокат районунун Чили-Сай капчыгайындагы Ак-Арт жайлоосунда, Өзгөн районунун Беш-Абышка аймагында, ошондой эле Алай районунун Кайыңды жана Капчыгай участкаларында өткөрүлгөн.
Аңчылык эрежелерин бузган жарандарга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 263-беренесине ылайык айып пулдар салынды.
Мындан тышкары, рейддин алкагында жергиликтүү тургундар жана аңчылар менен аң уулоо эрежелерин сактоо, жапайы жаратылышты коргоо жана мыйзам талаптарын так аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


