Салык кызматкерлеринин атынан билдирүүлөрдөн сак болуңуз!

Салык кызматкерлеринин атынан билдирүүлөрдөн сак болуңуз!

Мамлекеттик салык кызматы алдамчылык фактыларынын көбөйгөндүгү тууралуу билдирүү таратты.

Белгисиз адамдар Салык кызматынын жетекчилигинин жана кызматкерлеринин атынан мессенджерлер аркылуу билдирүүлөрдү жөнөтүп, акча каражаттарын которууну талап кылууда.

 Ушуга байлыныштуу Салык кызматы мессенджерлер же социалдык тармактар ​​аркылуу акча которууну, ошондой эле салыкты ушундай жол менен төлөөнү талап кылбай тургандыгын эскертет.

 “Ошондой эле келип түшкөн маалыматтарды текшерүүнү, ал эми анык эмес билдирүүлөр же алдамчылык аракеттери болгон учурда укук коргоо органдарына кайрылууну суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб баалуу кагаздар рыногундагы профессионал катышуучулар үчүн жаңы жобону бекитти

МинКаб баалуу кагаздар рыногундагы профессионал катышуучулар үчүн жаңы жобону бекитти

МинКаб баалуу кагаздар рыногундагы профессионал катышуучулар үчүн өз каражаттарынын жеткиликтүүлүгүнүн нормативдик көрсөткүчтөрү тууралуу жаңы жобону бекитти. Документ 2025-жылдын 8-декабрындагы №787 токтом менен кабыл алынган жана рынок катышуучуларынын финансылык туруктуулугун жана атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Ошондой эле профессионал катышуучулардын уставдык капиталына этап-этабы менен минималдык талаптар белгиленди: Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу: *

Жаңы жылга карата 7 миң тонна импорттук мандарин келди

Жаңы жылга карата 7 миң тонна импорттук мандарин келди

Жаңы жыл жакындаган сайын, өлкөдө чет өлкөдөн алынып келинген майрамдык товарлар ошончолук көп пайда болуп жатат. Бажы кызматы бул товарлардын статистикасы менен бөлүштү. Бажы кызматынын маалыматына караганда ноябрь айынын башынан 18-декабрга чейинки маалыматтарга ылайык, Жаңы жыл майрамдарына чейин салттуу түрдө көбөйгөн импорттук эң мыкты топ-5 товар кийинкилер болуп саналат: 1)

Балыкчыда өсүмдүктөр лабораториясын курууга 350 миң доллар бөлүнөт

Балыкчыда өсүмдүктөр лабораториясын курууга 350 миң доллар бөлүнөт

Балыкчыда өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лаборатория курулуп жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, курулуш Ислам Өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат. Лабораториянын курулушуна, лабораториялык жабдуулар, оргтехника жана эмеректерге жалпы суммасы 350 миң доллар каралган.   Бүгүн Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти менен Юнихелп компаниясынын ортосунда

АКШда "К-образдуу" экономика элди эки ажырымга бөлдү

АКШда "К-образдуу" экономика элди эки ажырымга бөлдү

2020-жылкы пандемиядан кийин экономиканын бир беткей эмес калыптанышын сүрөттөө үчүн пайда болгон "K-түрүндөгү экономика" термини азыр коомдогу катмарлар ортосундагы ажырымдын барган сайын тереңдеп баратканын билдирген универсалдуу түшүнүккө айланганын New York Times басылмасы жазды. Улуттук чекене соода федерациясынын божомолу боюнча, быйыл АКШдагы майрамдык чыгымдар тарыхта биринчи жолу 1 трлн