Кыргызстанда пенсия дайындоонун санариптик системасы ишке киргизилет

Кыргызстанда пенсия дайындоонун санариптик системасы ишке киргизилет

Кыргызстанда пенсия дайындоонун санариптик системасын ишке киргизүү пландалып жатканын Жогорку Кеңештин депутаттарына Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, жаңы система 2026-жылдын 1-июлуна чейин ишке кириши керек. Бул система жарандарды Социалдык фондго милдеттүү түрдө баруудан бошотот, анткени пенсия мурда санариптештирилген маалыматтардын негизинде автоматтык (проактивдүү) түрдө дайындалат.

Бактияр Алиев ошондой эле пенсияны текшерүү, пенсия төлөө, жекелештирилген эсепке алуу жана Социалдык фондунун кирешелерин эсепке алуу кызматтары буга чейин эле санариптештирилгенин кошумчалады.

"Бүгүнкү күндө пенсия төлөө процесси толугу менен санарип форматка өттү", — деди ал. Анын айтымында, бардык кызматтарды "Жеке кабинет" аркылуу алууга болот.

Учурда өлкөдө болжол менен 800 миңге жакын пенсионер бар. Пенсияны санариптик негизде дайындоого өтүү бюрократияны кыскартып, эсептөөлөрдө кетиши мүмкүн болгон каталардын тобокелдигин азайтат.

Мындан тышкары окуңуз

"Автомобилист" ААКнын мүлкү мамлекетке өтөт

"Автомобилист" ААКнын мүлкү мамлекетке өтөт

Министрлер кабинети "Мамлекеттик финансы холдинги" ААКсына "Автомобилист" ААКынын кредитордук карыздарын жабуу эсебинен алынган мүлктү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүнү сунуштады. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Жер тилкеси менен кошо комплекстин аянты 15 миң чарчы метрден ашык болуп, ал Каракол шаарында, Ысык-Көл облусунда жайгашкан.

Президент кыргыз жарандыгына кабыл алуу жана ажыратуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду

Президент кыргыз жарандыгына кабыл алуу жана ажыратуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду

КРнын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратуу жөнүндө Жарлыктарына кол койду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Президент кол койгон документтер КРнын жарандыгына кабыл алуу, жарандыктан чыгуу жана жарандыктан ажыратуу маселелерин камтыйт. Бул чечимдер өлкөнүн мыйзамдарына ылайык кабыл алынып,

Баткенде маркировкасы жок 25 тонна пияз артка кайтарылды

Баткенде маркировкасы жок 25 тонна пияз артка кайтарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Баткен башкармалыгы тарабынан “Ак-Тилек автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 29-мартта Казакстанстандан импорттолуп кирген 25 тонна пияз продукциясын текшерүү учурунда анын таңгагында тиешелүү маркировкасы жок экендиги аныкталды. Евразия экономикалык

Чүйдө балык чарбалары өнүгүүдө: экспортту кеңейтүү маселеси көтөрүлдү

Чүйдө балык чарбалары өнүгүүдө: экспортту кеңейтүү маселеси көтөрүлдү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй районундагы "Премиум" жана "Пура" балык чарбаларына барып, тармактын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш сапардын максаты — атамекендик балык тоютунун сапатын жана анын балыктын өсүшүнө тийгизген таасирин баалоо болду. "