Жаңы жыл алдында өлкө жолдорунда көзөмөл гана эмес, көңүл буруу да болууда

Жаңы жыл алдында өлкө жолдорунда көзөмөл гана эмес, көңүл буруу да болууда

Бүгүн КРнын ИИМ тарабынан майрамдык маанайдагы, адаттан тышкаркы көрүнүш сунушталып жатат. ИИМдин Басма сөз кызматынан кабарлагандай, тартип сакчылар Аяз ата жана Аяз кыз менен биргеликте унааларды текшерүү үчүн эмес, келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап тототушууда.

Токтогон айдоочуларга жагымдуу белектер берилип, каалоо-тилектер айтылууда. Мындай жакшы маанай Бишкек шаарынын борбордук аянтында болуп жатат.

Билдирүүгө караганда, бул саамалык Ички иштер министрлиги тарабынан муундар аралык байланыш, милдетке берилгендик жана адамдарга кам көрүү болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Салык органдарынын туура эмес аракеттери боюнча кантип, кайда арызданса болот?

Салык органдарынын туура эмес аракеттери боюнча кантип, кайда арызданса болот?

Салык кызматы жарандардын арыз-даттанууларын расмий кароо үчүн аларды мыйзам талаптарына ылайык жөнөтүү зарыл экенин эскертет. Кайрылуулар төмөнкү тартипте берилиши мүмкүн: * жазуу жүзүндө (арыз, даттануу, кайрылуу); * электрондук түрдө (расмий сайт же электрондук почта аркылуу); * оозеки түрдө — жеке кабыл алууда. Мамлекеттик орган кайрылууну каттоого алып, маңызы боюнча карап чыгып, мыйзамда белгиленген мөөнөттө

Акыркы жылдары өлкөдө 936 социалдык объект пайдаланууга берилди

Акыркы жылдары өлкөдө 936 социалдык объект пайдаланууга берилди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйындын алдында ал Бишкек шаарындагы Курулуш министрлигине караштуу Республикалык курулушту сертификациялоо борборунун жаңы имаратынын курулушу менен таанышып, министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнө жана көчмө курулуш лабораторияларына арналган унааларды көрүп чыкты.

Үч-Коргон ГЭСинде №1 жана №2 гидроагрегаттар реконструкцияланууда

Үч-Коргон ГЭСинде №1 жана №2 гидроагрегаттар реконструкцияланууда

Энергетика министрлигинин генерацияны жогорулатуу боюнча тапшырмасына ылайык, эскилиги жеткен ири ГЭСтердин гидроагрегаттарын реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Учурда "Электр станциялар" ААКсына караштуу Үч-Коргон ГЭСинде эки гидроагрегатты модернизациялоо иштери жүрүп жатат. №2 гидроагрегатты демонтаждоо иштери 90%га аяктады, ал эми №1 гидроагрегатты демонтаждоо иштери башталды. Адистер

Бишкек мэриясы транспорттук каражаттарды сатуу аукционун жарыялады

Бишкек мэриясы транспорттук каражаттарды сатуу аукционун жарыялады

Муниципалдык мүлк  башкармалыгы Бишкек шаарынын мэриясына таандык транспорттук каражаттарын сатуу боюнча аукцион жарыялады. Муниципалитеттен билдиришкендей, 77 лоттон турган аукцион 2026-жылдын 13-мартында саат 10:00дө Бишкек шаарынын Чокморов көчөсү, 246 дарегинде башталат. Арыздар 2026-жылдын 9-мартына чейин кабыл алынат. "Ачык аукционго катышуу үчүн талапкерлер Муниципалдык мүлк башкармалыгына лоттун номерин, өздүгүн тастыктаган