2026–2028-жылдары ЖРТ өткөрүүгө ыйгарым укуктуу уюм аныкталды

2026–2028-жылдары ЖРТ өткөрүүгө ыйгарым укуктуу уюм аныкталды

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жалпы республикалык тестирлөөнү (ЖРТ) 2026–2028-жылдары өткөрүү үчүн Көзкарандысыз тестирлөө кызматын тандоо боюнча сынакты жыйынтыктады.

Бул тууралуу Илим министрлигинин басма сөз кызматынын кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, конкурстук материалдарды кароо жыйынтыгынын негизинде Көзкарандысыз тестирлөө кызматы катары Билим берүүдөгү баалоо жана окутуунун ыкмаларын баалоо борбору аныкталды.

💡
Жалпы республикалык тест (ЖРТ) - бул Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээлин жана жөндөмдөрүн баалоо үчүн өткөрүлгөн экзамен. ЖРТ жыйынтыктары менен бүтүрүүчү өлкөнүн жогорку окуу жайларына тапшыра алат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте кайсы курулуш объектилери текшерилди?

Бишкектеги 8 акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салынды

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень отургузулду

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?