Ош шаарында 480 орундуу мектеп курулуп жатат

Ош шаарында 480 орундуу мектеп курулуп жатат

Ош шаарынын Кең-Сай конушунда 100 орундуу бала бакча жана 480 орундуу мектептин курулушу активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы билим берүү мекемелери жергиликтүү балдардын билим алуусуна жана социалдык өнүгүүсүнө шарт түзүү максатында курулууда.

Кең-Сай конушу акыркы жылдары активдүү өсүп, жеке турак жайлар көбөйдү, жаш үй-бүлөлөр жана мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдардын саны өстү. Ошол себептүү бала бакча жана мектеп сыяктуу социалдык инфраструктураны камсыздоо жергиликтүү тургундар үчүн өзгөчө актуалдуу маселе болуп келди.

Мындан тышкары окуңуз

Жаш ата-энелер үчүн окуу программалары боюнча жобо бекитилди

Жаш ата-энелер үчүн окуу программалары боюнча жобо бекитилди

Жаш ата-энелер үчүн окуу программаларын иштеп чыгуу жана курстарды өткөрүү тартибин жөнгө салган жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Документ Кыргыз Республикасынын "Жаштар жөнүндө" мыйзамын ишке ашыруу максатында иштелип чыгып, үй-бүлө институтун чыңдоого, жоопкерчиликтүү ата-энеликти калыптандырууга

Ошто рейд учурунда 270 миң сомдук мыйзамсыз дары-дармек аныкталды

Ошто рейд учурунда 270 миң сомдук мыйзамсыз дары-дармек аныкталды

Мамлекеттик салык кызматы рейддик салыктык көзөмөл жүргүзүү учурунда Ош шаарындагы дарыканалардын биринен мыйзамсыз дары-дармектерди аныктады. Текшерүүнүн жүрүшүндө "Аптека Кейджи" ЖЧКсына таандык дарыканадан Саламаттык сактоо министрлигинин Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинде каттоодон өтпөгөн, ошондой эле өлкө аймагына мыйзамсыз жол менен киргизилген дары-дармектер табылган. Аныкталган мыйзамсыз дары-дармектердин жалпы суммасы

Кыргызстан рыногунда 100гө жакын үстөмдүк кылуучу компания бар

Кыргызстан рыногунда 100гө жакын үстөмдүк кылуучу компания бар

Депутат Эльвира Сурабалдиева 2026-жылдын 11-мартында Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында Кыргызстан рыногунда канча монополист компания бар экенин сурады. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Айбек Мамыралиев өлкөдө болжол менен 100гө жакын үстөмдүк кылган компания бар экенин билдирди. Айбек Мамыралиевдин айтымында, мындай компаниялар товарлардын баасын жогорулата башташса адегенде компанияга эскертүү берилет, андан

Кыргызстанда кооперативдерге колдоо көрсөтүү менен 2 миң гектар жер иштетилет

Кыргызстанда кооперативдерге колдоо көрсөтүү менен 2 миң гектар жер иштетилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкөдө айыл чарбасын модернизациялоо жана кооперацияны өнүктүрүү боюнча бир катар маанилүү кадамдарды ишке ашырууда. Кооперативдерди колдоо программасынын алкагында фермердик бирикмелерге заманбап айыл чарба техникалары берилип жатат. 2026–2027-жылдары кооперативдер аркылуу 2000 гектарга жакын айыл чарба аянты тейленип, 120дан ашык жаңы