Ошто рейд учурунда 270 миң сомдук мыйзамсыз дары-дармек аныкталды

Ошто рейд учурунда 270 миң сомдук мыйзамсыз дары-дармек аныкталды

Мамлекеттик салык кызматы рейддик салыктык көзөмөл жүргүзүү учурунда Ош шаарындагы дарыканалардын биринен мыйзамсыз дары-дармектерди аныктады.

Текшерүүнүн жүрүшүндө "Аптека Кейджи" ЖЧКсына таандык дарыканадан Саламаттык сактоо министрлигинин Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинде каттоодон өтпөгөн, ошондой эле өлкө аймагына мыйзамсыз жол менен киргизилген дары-дармектер табылган.

Аныкталган мыйзамсыз дары-дармектердин жалпы суммасы 269 миң 989 сомду түздү. Мындан тышкары, текшерүү учурунда дарыкананын дары-дармектерди сактоо жана сатуу боюнча тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок иш алып барганы да аныкталды.

Ошондой эле салык мыйзамдарын бузган бир катар башка фактылар белгилүү болду. Тактап айтканда:

товарларды сатуу электрондук эсеп-фактуралар аркылуу түшкөн каражаттарды көрсөтпөстөнжүргүзүлгөн;
айрым кызматкерлер боюнча салыктык отчеттор тапшырылган эмес;
контролдук-кассалык машина техникалык жактан жараксыз абалда колдонулган.

Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан жеринде тиешелүү актылар түзүлүп, топтолгон материалдардын негизинде тиешелүү чаралар көрүлөрү маалымдалды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ак-Суу районунда туристтердин саны 8 эседен ашык өстү

Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Кыргызстан баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конгресске катышты

Токтогул шаарында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө

Караколго тартылган инвестициянын көлөмү 9,5 млрд долларга жетти