2025-жылы ветеринардык иш-чаралардын планы 104% аткарылды

2025-жылы ветеринардык иш-чаралардын планы 104% аткарылды

КРдагы ветеринардык эмдөө, диогностикалык изилдөөлөр жана мите курттардан арылуу ишчаралары 2025-жылдагы планы 104% аткарылды. Мындай маалыматты КРнын суу ресурстары, айыл чаба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү жайыт жана тоют кызматынын директорунун орун басары Бакыт Шарапов бүгүн “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.

Адистин айтымында 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча республикабызды  25 миллинон 546 миң малдын башына ветеринардык ишчаралар жүргүзүлдү. Анын ичинде ветеринардык эмдөө, диагностикалык изилдөөлөр жана мите курттардан арылуу ишчаралары болгон.

“2025-жылга коюлган жалпы план 104%га аткарылды. Бирдык малдар толук дарыланып, изиденди десем жаңылышпайм. Бул ишчараларга карата атайын мамлекет тарабынан биокаражаттар бөлүнүп турат. Тагыраагы 9 ооруга каршы каражат бөлүнөт: шарп, сибир жарасы, кутурма, койлордун күл ылаңы, койлордун кыргыны, бруцеллез ооруларына вакцина сатылып берилет. Мындан сырткары туберкулез жана жылкылардын маңка оорусуна диагнозтикумдар алынып жана иттерге эхинкакокко карата таблеткалар алынып берилет.” – дейт Бакыт Шарапов.

Айыл чаба министрлигинин өкүлүнүн айтымында, мурда бул ылаңдарга карата мамлекет тарабынан каражат жетишсиз бөлүнүп берилчи же жазында сатып алып берип, жайлоого чыкканда дарылоо кыйынчылык туудуруп келген.

Анын үстүнө буга чейин 86-87 млн сом бөлүнүп, тартыштык жаратып келсе, өткөн жылы 200 млн сомдон ашуун каражат бөлүнүп, ветеринардык ишчараларга толугу менен биокаражаттар алынды жана аймактарга жеткирилип бериле баштады. Эми февралдан баштап түштүктө, мартта түндүк региондордо ветериандык ишчаралар жүргүзүлүп баштайт.

Мындан тышкары окуңуз

Борбор калаада 750 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектеп курулуп жатат

Борбор калаада 750 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектеп курулуп жатат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев борбор калаанын Түштүк пландоо зонасындагы Токомбаев көчөсү 15/8а дарегинде курулуп жаткан 750 орундуу жаңы мектептин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрлик маалымдагандай, долбоорго ылайык мектеп 3 кабаттуу болуп курулуп, окуучулар жана мугалимдер үчүн бардык заманбап шарттар каралат. Учурда

Адвокат 25 миң доллар алып, дагы эмнеге 7 миң доллар талап кылган?

Адвокат 25 миң доллар алып, дагы эмнеге 7 миң доллар талап кылган?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мурдагы судья кызматкери, азыр адвокат болуп иштеп жаткан адам (А.К.А.) акча талап кылуу фактысы боюнча кармалганын билдирди. УКМК маалыматында тергөөдө шектүү кызматтык абалын жана жеке байланыштарын пайдаланып, жарандык иштер боюнча соттун оң чечимин чыгарып берүүгө көмөк көрсөтүү үчүн акча талап кылуу схемасын уюштурганы

"Айыл Банк" аталышын өзгөртүп, "АБанк" болуп кайра катталды

"Айыл Банк" аталышын өзгөртүп, "АБанк" болуп кайра катталды

Кечээ Улуттук банк тарабынан "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун фирмалык аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу банктын лицензиялары алмаштырылды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Улуттук банктын маалыматына ылайык, банктын толук жана кыскартылган фирмалык аталыштары өзгөртүлдү. Ага ылайык: * мамлекеттик тилдеги толук аталышы — "АБанк" ачык акционердик коому; * мамлекеттик тилдеги кыскартылган аталышы

Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң даана форель чабагы коё берилди

Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң даана форель чабагы коё берилди

Күн мурун Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районундагы Регионалдык аклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүнүн (станциясынын) кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл жилингири (форель) балыгынын чабактарын Ысык-Көл көлүнө куйган дарыяларга коё берүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш-чарага Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, Туристтик-экологиялык милиция, Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери,