Мал чарбачылыгында тоюттандыруунун заманбап ыкмалары жайылтылууда

Мал чарбачылыгында тоюттандыруунун заманбап ыкмалары жайылтылууда

Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунда 2026-жылдын 13-14-январь күндөрү малды тоюттандыруу багыты боюнча адистер үчүн окуу-семинар өткөрүлдү. Иш-чара KOICA эл аралык кызматташтык агенттигинин гранттык долбоорунун алкагында уюштурулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Семинардын негизги максаты – мал чарбачылыгында илимий негизделген тоюттандыруу системаларын киргизүү, малдын продуктивдүүлүгүн жогорулатуу жана тоют ресурстарын натыйжалуу пайдалануу болуп саналат. Ошондой эле адистердин азыктандыруу багытындагы илимий-практикалык билимин жана лабораториялык компетенцияларын өнүктүрүү көздөлдү.

Окуу модулдары ири мүйүздүү мал үчүн тоюттардын азыктуулугун аныктоо, рацион түзүүдө негизги азыктык элементтердин балансын сактоо, тоюттун сиңимдүүлүгүн баалоо жана алынган маалыматтарды заманбап программалар аркылуу талдоо маселелерин камтыды.

Аталган окуу-семинар институттун илимий-изилдөө иштерин күчөтүүгө, тоюттандыруу багытындагы лабораториялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана мал чарбачылыгында натыйжалуу азыктандыруу технологияларын жайылтууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан февралда Россияга 46,8 миң автоунаа экспорттоду

Кыргызстан февралда Россияга 46,8 миң автоунаа экспорттоду

2026-жылдын февраль айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан Россияга жаңы автоунааларды экспорттоо боюнча лидер бойдон калганын "Автостат" аналитикалык агенттигинин жетекчиси Сергей Целиков билдирди. Анын айтымында, февраль айында жеңил автоунаалардын импорту 35%га өскөн. Тагыраагы, бул айда Кыргызстандан Россияга 46,8 миң жеңил автоунаа импорттолгон. Бул өткөн жылдын февраль айына (35

Кыргызстанга 4 миллиондон ашык гүл алып келинди

Кыргызстанга 4 миллиондон ашык гүл алып келинди

8-Март майрамынын алдында Кыргызстанга 4 миллиондон ашык гүл импорттолгонун Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жазгы майрамдардын алдында жаңы үзүлгөн гүлдөрдүн импорту салттуу түрдө сезондук өсүштү көрсөтөт. Февраль айынын башынан бери Кыргызстанга 4,07 млн даана жаңы гүл алып келинген. Январь айына салыштырмалуу жеткирүүлөрдүн көлөмү 31%га

Абройлуу эл аралык аянтчада Кыргызстандын улуттук стенди  ачылды

Абройлуу эл аралык аянтчада Кыргызстандын улуттук стенди ачылды

3-4-мартта Берлин шаарында өтүп жаткан ITB Berlin-2026 эл аралык туристтик көргөзмөсүндө Кыргызстандын улуттук стенди ачылганын Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. ITB Berlin-2026 туризм тармагындагы эң ири жана абройлуу эл аралык аянтчалардын бири. Улуттук стенд Туризм департаменти тарабынан "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ААК менен биргеликте Кыргызстандын Германиядагы

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Кыргызстанда 2026-жылы 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ишке кирерин Айыл чарба министрлиги маалымдап, долбоорлор өлкөнүн бардык аймактарын камтып, ички өндүрүштү көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экспортту арттырууга багытталганын белгиледи. Долбоор мамлекеттик программа алкагында ишке ашырылып, ата мекендик продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталат. Негизги басым сүт, эт, жашылча-жемиш