Таласта курулуш ченемдерин сактабаган компания 200 миң сом айыпка жыгылды

Таласта курулуш ченемдерин сактабаган компания 200 миң сом айыпка жыгылды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилери көзөмөлдөнүп келет.

Текшерүү иштеринин алкагында, Талас районуна караштуу Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн Чоң-Токой айылында курулуп жаткан таза суу системасынын долбоорлоо жана курулуш процессинде техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин, эрежелеринин жана стандарттарынын сакталбагандыгы аныкталды. Ошондой эле тиешелүү башка ченемдик укуктук актылардын талаптары бузулган.

Натыйжада, текшерүү актысы түзүлүп, курулуш иштерин аткарып жаткан “НТ ГРУПП-СТРОЙ” ЖЧКсына 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды жана бузуулардын бирдиктүү реестрине киргизилди.

Министрлик курулуш тармагында иш жүргүзгөн бардык уюмдарды жана жеке жактарды мыйзам талаптарын так сактоого чакырат. Мындан тышкары, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында техникалык регламенттерди жана курулуш стандарттарын так аткарууга өзгөчө көңүл бурууну эскертет.

Мындан тышкары окуңуз

Өзбекстанда ишкерлерге 3 ай лицензиясыз бизнес жүргүзүүгө уруксат берилет

Өзбекстанда ишкерлерге 3 ай лицензиясыз бизнес жүргүзүүгө уруксат берилет

Өзбекстан парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы ишканалар үчүн уруксат берүүчү документтерди алуу тартибин жөнгө салган мыйзам долбоорун негизги жана акыркы окууда кабыл алды. Мыйзам долбооруна ылайык, өлкөдө "лицензиясыз бизнес жүргүзүү" укуктук режими киргизилет. Бул механизм ишкерлерге өз ишин баштоодо үч айга чейинки өткөөл жана ыңгайлашуу мөөнөтүн берүү максатын көздөйт.

Караколдо жаш дарыгерлерге ипотекага батирлерди берүү тапшырмасы берилди

Караколдо жаш дарыгерлерге ипотекага батирлерди берүү тапшырмасы берилди

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Караколдогу облустук оорукананын жаш дарыгерлерин турак жай менен камсыз кылууну тапшырды. Белгилей кетсек, минкаб башчысы облуска болгон сапары учурунда Каракол шаарындагы облустук бириккен ооруканага барып, реанимация жана хирургия бөлүмдөрүн көрүп, жабдуулар, бейтаптарды дарылоо шарттары менен таанышты. Ошондой эле оорукананын 350

Зергер буюмдарын өндүрүүчүлөр алтынды мамлекеттен 2% арзан ала алышат

Зергер буюмдарын өндүрүүчүлөр алтынды мамлекеттен 2% арзан ала алышат

МинКаб торагасы Адылбек Касымалиев "Ата мекендик зергер буюмдарын өндүрүүчүлөргө баалуу металлдарды сатуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомго кол койду. Жаңы документке ылайык, жергиликтүү зергер компаниялары үчүн баалуу металлдардын сатуу баасы London Bullion Market Association тарабынан аныкталган дүйнөлүк көрсөткүч — LBMA фиксингине байланыштырылат. Бирок ага 2%дык арзандатуу колдонулат. Бул чечим

CASA-1000 долбоору кайсы баскычта экени тууралуу координатор айтып берди

CASA-1000 долбоору кайсы баскычта экени тууралуу координатор айтып берди

Тажикстан менен Кыргызстан CASA-1000 долбоорун ишке ашырууга даяр экенин "Биринчи радио" эфиринде долбоорду ишке ашыруу тобунун координатору Азим Молдокеримов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан аймагынан 456 чакырым электр берүү линиясы (ЛЭП) өтөт. Ал Датка подстанциясынан (Жалал-Абад облусу) башталып, Ош облусу жана Баткен облусу аркылуу өтөт. Ал эми Тажикстан аймагында