Россиядан мыйзамсыз алып келинген 15 600 литр кымыз өлкөгө киргизилген жок

Россиядан мыйзамсыз алып келинген 15 600 литр кымыз өлкөгө киргизилген жок

Үй облусуна караштуу "Ак-Тилек" чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайында Россиядан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан 15 600 литр кымыз аныкталып, артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Текшерүү чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунун инспекторлору тарабынан жүргүзүлдү. Изилдөө учурунда продукциянын этикеткасында чыгарылган күнү көрсөтүлбөгөнү белгиленди, бул Кыргыз Республикасынын ветеринардык жана санитардык талаптарына жооп бербейт.

Аталган факт боюнча тиешелүү тартипте актылар түзүлүп, жүктү Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүүгө тыюу салынды. Натыйжада, товар "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кайра Россия Федерациясына жөнөтүлдү.

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы мындай учурларды тыкыр көзөмөлдөп, калк үчүн коопсуз азык-түлүк камсыздоону улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарынын "Тазалык" ишканасына 4 трактор тапшырылды

Манас шаарынын "Тазалык" ишканасына 4 трактор тапшырылды

Манас шаарынын "Тазалык" муниципалдык ишканасына 4 даана көп тармактуу, кар тазалоочу кичи трактор тапшырылганын президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Атайын техникаларды сатып алууга Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондунан 7 млн 100 миң сом бөлүнгөн. Облус башчысы Тилек Текебаев жаңы техникалар шаардын тазалыгын сактоодо, өзгөчө кыш мезгилинде кар тазалоо иштерин

ЕРӨБдүн 23,5 млн доллар насыясына алынган троллейбустар кайда?

ЕРӨБдүн 23,5 млн доллар насыясына алынган троллейбустар кайда?

Бишкекте Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына караштуу көз карандысыз отчеттуулук органынын (ЕРӨБ ККОО) делегациясы менен шаар тургундарынын жолугушуусу өттү. Делегация Лондон шаарынан келген. Бул сапар мурда троллейбустарды сатып алууга байланышкан шаардык транспортту каржылоо долбоору боюнча тургундардын расмий кайрылуусунун негизинде уюштурулган. "БишкекСмог" демилгелүү тобунун өкүлдөрү билдиргендей, талкууга ар түрдүү

Алдоо жолу аркылуу акча өндүрүү менен шугулданган  26 жаштагы кыз кармалды

Алдоо жолу аркылуу акча өндүрүү менен шугулданган 26 жаштагы кыз кармалды

2026-жылдын 2-мартында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБна Г.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, «Нурайым» аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган. Арыз ээсинин айтымында, 2026-жылдын февраль айынан 1-мартына чейинки мезгилде ал аял ишенимине кирип, «Telegram» мессенджери аркылуу акча каражаттарын көбөйтүү шылтоосу менен аны «трейдинг» деп аталган топко кошкон. Бишкек шаарынын ИИББнын

Кыргызстан менен Өзбекстан эмгек миграциясы боюнча кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Өзбекстан эмгек миграциясы боюнча кызматташтыкты кеңейтет

Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Сагынбаев Кыргыз Республикасындагы Өзбекстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда тараптар эмгек миграциясы жана социалдык маселелер боюнча кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Анын ичинде калкты жумуш менен камсыз кылуу, социалдык коргоо