ЕРӨБдүн 23,5 млн доллар насыясына алынган троллейбустар кайда?

ЕРӨБдүн 23,5 млн доллар насыясына алынган троллейбустар кайда?

Бишкекте Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына караштуу көз карандысыз отчеттуулук органынын (ЕРӨБ ККОО) делегациясы менен шаар тургундарынын жолугушуусу өттү. Делегация Лондон шаарынан келген. Бул сапар мурда троллейбустарды сатып алууга байланышкан шаардык транспортту каржылоо долбоору боюнча тургундардын расмий кайрылуусунун негизинде уюштурулган.

"БишкекСмог" демилгелүү тобунун өкүлдөрү билдиргендей, талкууга ар түрдүү коомдук топтор катышкан: экологиялык активисттер, пенсионерлер, жаш балалуу ата-энелер, троллейбус башкармалыгынын мурдагы кызматкерлери жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын ассоциациясынын мүчөлөрү.

Жолугушууга катышкандар комиссияга троллейбус каттамдарынын жоюлушу шаар тургундарына кандай таасир тийгизгенин кеңири айтып беришти.

Эске салсак, 2014–2018-жылдары Бишкек шаарынын муниципалитети ЕРӨБдүн  23,5 млн долларлык насыяга менен 131 заманбап троллейбус сатып алган. Бул долбоор тармакты жаңылоону да камтыган. Бирок 2024-жылы троллейбустар пайдалануудан чыгарылган.

Шаар тургундарынын демилгелүү тобу шаардык мүлктү өткөрүп берүү банк менен макулдашылбай жана тургундардын пикири эске алынбай жүргүзүлгөнүн билдирүүдө.

ЕРӨБ ККОО банктын долбоорлору адамдардын жашоосуна терс таасир тийгизген же экологиялык жана социалдык стандарттарды бузган учурларда жарандардын жана уюмдардын даттанууларын карайт.

Талашты тынч жол менен чечүү үчүн Бишкек тургундары бир катар укук коргоо жана экологиялык уюмдар менен биригишкен. Алардын арасында БишкекСмог, CEE Bankwatch Network жана Бир Дүйнө Кыргызстан кыймылы бар.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media