100 миң жаран идентификациялык номерлер боюнча кыйынчылыктарга дуушар болууда

100 миң жаран идентификациялык номерлер боюнча кыйынчылыктарга дуушар болууда

Бүгүн, 21-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды.

Отурумда баяндама жасаган санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин биринчи орун басары Нурсултан Кубанов мыйзам долбоору ички карама-каршылыктарды жоюу жана КРнын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга идентификациялык жеке номерлерди ыйгаруу процессин жөнгө салуу максатында иштелип чыккандыгын билдирди.

Азыркы колдонуудагы мыйзамга ылайык, идентификациялык жеке номерлерге өзгөртүү киргизүү 2017-жылдын 1-июлуна чейин кетирилген техникалык каталар менен чектелген. Бирок практикада техникалык каталар 2017-жылдан кийин дагы орун алып келет. Аларга жынысы, туулган күнү ж.б маалыматтын туура эмес көрсөтүлүшү кирет.” – дейт Кубанов.

Мындан сырткары, Кубанов эки жана үч эселенген жеке идентификациялык номерлерди берүү боюнча кыйынчылыктарга болжол менен 100 миң жаран дуушар болуп жатканын ачыктады.

Талкуу маалында депутаттар эсепке алуу номерин ыйгаруу тартибине, техникалык каталарды кетирбөө жана оңдоо механизмдерине байланыштуу маселелерди көтөрүштү.

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматы турак эмес мүлк салыгын төлөө мөөнөттөрүн эскертти

Салык кызматы турак эмес мүлк салыгын төлөө мөөнөттөрүн эскертти

Мамлекеттик салык кызматы турак эмес мүлк объектилерине салынуучу салыктын төлөө мөөнөттөрүн эскертип, салык квартал сайын тең үлүштөр менен 20-мартка, 20-июнга, 20-сентябрга жана 20-декабрга чейинтөлөнөрүн билдирди. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Салык мыйзамдарына ылайык, кыймылсыз мүлккө салынуучу салыкты эсептөө жана эсепке алуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан жүргүзүлөт. Ал эми салык төлөөчүлөр

Манас шаарында курулуш эрежелери сакталбаган 14 кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду

Манас шаарында курулуш эрежелери сакталбаган 14 кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду

Жалал-Абад облусунун Манас шаарында мыйзам бузууларга байланыштуу 14 кабаттуу турак жай комплексинин курулушу убактылуу токтотулганын Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, пландан тышкаркы текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш иштери керектүү уруксат берүүчү документтерсиз жана долбоордук-сметалык документацияга мамлекеттик экспертизанын оң корутундусуз жүргүзүлүп жатканы аныкталган. Ошондой эле жер иштерин толук бүтүрбөй туруп,

Талас шаарында Талас университетинин 5 кабаттуу жаңы имараты курулуп жатат

Талас шаарында Талас университетинин 5 кабаттуу жаңы имараты курулуп жатат

Талас шаарындагы Талас университетинин 5 кабаттуу жаңы имаратынын курулушу активдүү уланып жатканын аталган облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, имарат президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен курулуп жатат. Учурда жалпы аянты 5 миң 600 чарчы метрди түзгөн 5 кабаттуу имараттын пайдубалы түптөлүп, экинчи кабатынын курулушу жүрүп жатат. Жаңы кампус бардык заманбап окуу

Бишкекте мыйзамсыз курулуш аныкталып, 200 миң сом айып пул салынды

Бишкекте мыйзамсыз курулуш аныкталып, 200 миң сом айып пул салынды

Бишкек шаарында курулуш реестрине катталбаган 9 кабаттуу турак жайдын курулушу аныкталып, курулуш жүргүзгөн компанияга 200 миң сом айып пул салынып, иштер убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө Варкутинск көчөсүнүн №35, 37 жана 39 даректеринде курулуп жаткан