Акыйкатчы балдар үйүндөгү кыздын 518 миң сом жөлөкпулун өндүрүп берди

Акыйкатчы балдар үйүндөгү кыздын 518 миң сом жөлөкпулун өндүрүп берди

Чүй облусундагы балдар үйүндө жашаган жетим кыз М.Б. 8 жыл бою майыптыгы үчүн каралган социалдык жөлөкпулду албай келген. Мындай абалды Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын Институту 2025-жылы балдар үйлөрүнө жүргүзгөн мониторинг учурунда аныктаган.

Акыйкатчы институтунун маалыматына ылайык, текшерүүдө кыз 2015-жылы медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын чечими менен жөлөкпул алууга укуктуу болгонуна карабастан, балдар үйүнө которулгандан кийин 2017-жылы кайра комиссиядан өтпөй калгандыктан төлөм токтотулгандыгы белгиленген.

Акыйкатчынын сунушу менен Башкы прокуратура жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги балдардын укуктарынын так сакталышын көзөмөлдөп, кемчиликтерге жол берген жооптуу кызматкерлерге тартиптик чара көрдү.

Натыйжада, М.Б.га жалпысынан 518 миң сом өлчөмүндө жөлөкпул өндүрүлүп, 2026-жылдын 1-майына чейин кыздын депозиттик эсебине которулуп берилет. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарга балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылууга милдеттүү экенин эскертти.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто “Асан-Үсөн” бала бакчасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Ошто “Асан-Үсөн” бала бакчасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Кечээ, Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндөгү “Асан-Үсөн” бала бакчасына кошумча курулган 100 орундуу имарат өз эшигин ачты. Мэриянын маалыматына ылайык, ачылыш аземине шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, бала бакча жамааты жана ата-энелер катышты. Мэр

Бишкекте милиция кызматкери 350 миң сом опузалаганы үчүн камалды

Бишкекте милиция кызматкери 350 миң сом опузалаганы үчүн камалды

Бишкекте милиция кызматкери менен бирге опузалап акча талап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 17-январда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Т.А. аттуу жаран жана Октябрь РИИБинин кызматкери А.Э.Б. опузалап акча талап кылуу белгилери боюнча Ч.М. аттуу жарандан 350 миң сом алып жатканда кармалышкан. Кылмыш ишинин

Салык кызматы ишкерлерге накталай эмес төлөмдөрдү жеңилдетет

Салык кызматы ишкерлерге накталай эмес төлөмдөрдү жеңилдетет

Бүгүн Мамлекеттик салык кызматы накталай эмес эсептешүүлөрдүн өнүгүшү жана бизнестин актуалдуу көйгөйлөрүн чечүү багытында жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Иш-чарага Салык кызматынын төрагасынын орун басарлары, Улуттук банк, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы, Экономика министрлиги, Банктар аралык процессинг борбору жана банктардын союзунун өкүлдөрү катышты. Кеңешменин негизги максаты — ишкерлер

Былтыр Кыргызстанда 19,5 миң тонна товардык балык өндүрүлгөн

Былтыр Кыргызстанда 19,5 миң тонна товардык балык өндүрүлгөн

Кыргызстанда 2025-жылы товардык балык өндүрүшү 19 508,85 тоннаны түздү. Бул көрсөткүч Балык өнөр-жайы комплекси департаменти менен келишимдик негизде иштеген балык чарба көлмөлөрүнүн эмгегинин натыйжасы. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Аймактар боюнча өндүрүштүн эң жогорку көрсөткүчү: * Чүй облусу — 12 844,8 тонна