Ноокенде 90,6 млн сомго мектепке жаңы корпус курулууда
Ноокен районунун Кыргызстан айылындагы Э.Алиев атындагы мектепке кошумча корпус курулууда. Курулуш иштери 2024-жылдын июнь айында башталып, долбоордун жалпы наркы 90,6 миллион сомду түзөт.
Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы корпус 150 орунга ылайыкталган. Мектепте заманбап окуу класстары, компьютердик класс, спорт зал, дарыгердин бөлмөсү, ашкана, ошондой эле балдар жана кыздар үчүн атайын эмгек класстары каралган.
Курулуш-монтаждоо иштерин “Араван-Ремстрой” ЖЧКсы аткарууда, учурда иштин 75%ы бүткөрүлгөн. Пайдаланууга берилгенден кийин кошумча корпуста 300 окуучунун билим алуусуна шарт түзүлөт.