"Агрохимсанарип" – агрохимиялык кызматтарды онлайн башкаруучу платформа

"Агрохимсанарип" – агрохимиялык кызматтарды онлайн башкаруучу платформа

Айыл чарба секторундагы санариптештирүү багытында бир катар платформалар жана долбоорлор иштелип жатат. Анын багыты — дыйкандар үчүн кызмат көрсөтүүнү онлайн форматка өткөрүү, маалыматтарды автоматташтыруу жана ишти ачык-айкын кылуу.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, "Агрохимсанарип" — агрохимиялык кызматтарды санарип форматта көрсөтүүчү электрондук платформа. Платформа топурактын түшүмдүүлүгүн лабораториялык анализдөөнү жана айыл чарба өсүмдүктөрүн ооруларга, зыянкечтерге жана отоо чөптөргө каршы химиялык иштетүү кызматтарын бириктирет.

Колдонуучулар онлайн арыз берип, иштердин жүрүшүн көзөмөлдөп, жыйынтыктарды санарип форматта ала алышат, - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Борбор калаада 750 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектеп курулуп жатат

Борбор калаада 750 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектеп курулуп жатат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев борбор калаанын Түштүк пландоо зонасындагы Токомбаев көчөсү 15/8а дарегинде курулуп жаткан 750 орундуу жаңы мектептин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрлик маалымдагандай, долбоорго ылайык мектеп 3 кабаттуу болуп курулуп, окуучулар жана мугалимдер үчүн бардык заманбап шарттар каралат. Учурда

Адвокат 25 миң доллар алып, дагы эмнеге 7 миң доллар талап кылган?

Адвокат 25 миң доллар алып, дагы эмнеге 7 миң доллар талап кылган?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мурдагы судья кызматкери, азыр адвокат болуп иштеп жаткан адам (А.К.А.) акча талап кылуу фактысы боюнча кармалганын билдирди. УКМК маалыматында тергөөдө шектүү кызматтык абалын жана жеке байланыштарын пайдаланып, жарандык иштер боюнча соттун оң чечимин чыгарып берүүгө көмөк көрсөтүү үчүн акча талап кылуу схемасын уюштурганы

"Айыл Банк" аталышын өзгөртүп, "АБанк" болуп кайра катталды

"Айыл Банк" аталышын өзгөртүп, "АБанк" болуп кайра катталды

Кечээ Улуттук банк тарабынан "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун фирмалык аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу банктын лицензиялары алмаштырылды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Улуттук банктын маалыматына ылайык, банктын толук жана кыскартылган фирмалык аталыштары өзгөртүлдү. Ага ылайык: * мамлекеттик тилдеги толук аталышы — "АБанк" ачык акционердик коому; * мамлекеттик тилдеги кыскартылган аталышы

Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң даана форель чабагы коё берилди

Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң даана форель чабагы коё берилди

Күн мурун Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районундагы Регионалдык аклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүнүн (станциясынын) кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл жилингири (форель) балыгынын чабактарын Ысык-Көл көлүнө куйган дарыяларга коё берүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш-чарага Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, Туристтик-экологиялык милиция, Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери,