Мэрия демонттаждалган объекттердин ээлерине кайрылды
Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы демонттаждалган объекттердин ээлерин өздөрүнө таандык мүлктү милдеттүү түрдө алып кетүү зарылдыгы жөнүндө маалымдайт.
Демонттаждалган объекттердин ээлери бул билдирүү жарыяланган күндөн тартып бир айдын ичинде тиешелүү документтерди тариздөө жана мүлкүн алуу үчүн Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгына кайрылуусу керек.
Демонттаждалган мүлк төмөнкү дарек боюнча берилет:
Байтик Баатыр көчөсү, 77.
Кошумча маалыматты 0312 59-23-30 телефону аркылуу алууга болот.

