Уюлдук телефон уурдагандар кармалды

Уюлдук телефон уурдагандар кармалды

Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери борбор калаадагы базарларда жасалган чөнтөк уурулуктардын сериясына тиешеси бар шектүүлөрдү кармашты.

Териштирүүгө 2025-жылдын 28-декабрында жаран А.А.нын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына кайрылуусу себеп болгон. Анын айтымында, Аламүдүн базарында белгисиз адамдар анын жашы жете элек кызынын курткасынын чөнтөгүнөн iPhone 12 Pro Max уюлдук телефонун уурдап, изин жашырып кетишкен.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция 1998-жылы туулган А.К. аттуу биринчи шектүүнү аныктап, кармаган. Кийинчерээк тергөө уурдалган уюлдук телефондор "Ош базарынын" аймагында экинчи шектүү — 2001-жылы туулган А.З. аттуу жаран менен биргеликте сатылганын аныктаган.

Экөө тең кармалып, Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тинтүү иштеринин жүрүшүндө "Беш-Сары" соода борборунан мыйзамсыз жол менен алынган деп шектелген 20дан ашык уюлдук телефон табылып, алынып коюлган. Учурда кармалгандардын борбор калаанын базарларында жасалган бир катар чөнтөк уурулуктарга тиешеси бар экендиги аныкталды.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку Кеңеш комитети  28,2 млн долларлык макулдашууну жактырды

Жогорку Кеңеш комитети 28,2 млн долларлык макулдашууну жактырды

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ менен өзгөчө кырдаалдарда Кыргызстанды колдоо тууралуу гранттык макулдашууну үч окууда тең жактырды. Каржы министринин орун басары Нурбек Акжолов белгилегендей, Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга өзгөчө кырдаалдарда колдоо көрсөтүү үчүн 28,2 млн доллар өлчөмүндө грант бөлөт.

Урук чачуу мезгилине байланыштуу балык уулоого убактылуу тыюу салынды

Урук чачуу мезгилине байланыштуу балык уулоого убактылуу тыюу салынды

Балыктардын урук чачуу мезгилинде спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого убактылуу тыюу салынганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл чабагына 1-апрелден 15-майга чейин, майда балыктарга 1-майдан 1-июлуна, ал эми каңылтыр балыгына 15-майдан 15-июлга чейин электрондук балык уулоо билети убактылуу токтотулат. Республиканын суу объектилеринде

"Кыргыз-Швейцария банкы" он жылдан бери кыргыз-швейцария алакасына тоскоол болууда

"Кыргыз-Швейцария банкы" он жылдан бери кыргыз-швейцария алакасына тоскоол болууда

Кыргызстан менен Швейцария өлкөлөрүнүн алакасын динамикалык өнүгүп жаткан мамилелер, деп айта албайбыз. Ал тургай минуска кеткенбиз, десек жаңылышпайбыз. Мындай пикирин, бүгүн ЖКтин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин отурумунда, КРдагы Швейцария Конфедерациясындагы элчилигинин 2022-2025-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу, баяндап жатып КРнын  Швейцария Конфедерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Амар

Түндүк-Түштүк унаа жолунун ачылышы боюнча тапшырмалар берилди

Түндүк-Түштүк унаа жолунун ачылышы боюнча тапшырмалар берилди

Түндүк-Түштүк унаа жолунун ачылышына карата даярдык иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилгени Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кезектеги аппараттык жыйынында айтылды. Министр Талантбек Солтобаев жыйында Чүй облусунда курула турган төрт ири жолдун планын кыска мөөнөттө бекитүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди. Ошондой эле ал жооптуу жетекчилерден учурда аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат