Бишкекте жол тыгындары азаябы? Мэриянын жаңы пландары
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен борбор калаадагы маанилүү инфраструктуралык объекттерди жеринен көрүп чыкты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Манас проспектинин бир бөлүгүн реконструкциялоо пландалууда. Долбоордо жол түйүнүн куруу, Медеров көчөсүн Ала-Арча суусунун жээги менен улантуу жана Табалдиев көчөсүн ачуу каралган. Иштер 2026-жылдын жаз айларына белгиленип, жыйынтыгында Медеров көчөсү Манас проспектисине чейин эки тилкелүү болот.
Мэр курулуш маалында альтернативдүү жолдорду алдын ала иштеп чыгууну жана суу коргоо зонасындагы объекттерди текшерүүнү тапшырды.
Ошондой эле Айбек Жунушалиев "Бишкексвет" ишканасында болуп, тышкы жарыктандыруу мамылары менен таанышты. Кароонун жыйынтыгында бийиктиги 8,5 метр болгон мамылар тандалды. Мэр парктарды жана эл көп чогулган жайларды сапаттуу жарыктандыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Мындан тышкары, Кронштадтск көчөсүн Мессарош көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин улантуу жана Васильев трактындагы санитардык бутак кыркуу иштеринин жүрүшү каралды. Учурда бул аймакта 60 кызматкер иштеп жатат.


