Бишкек менен Дүйнөлүк банк таза аба долбоорлорун талкуулады
Бишкек шаарынын мэриясында шаар мэри Айбек Джунушалиев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча айлана-чөйрө маселелери боюнча практика менеджери Гаяне Минасян менен жолугушуу өткөрдү.
Муниципалитеттен билдиргендей, жолугушууда "Абанын сапатын жакшыртуу" долбоорунун алкагында Бишкек шаарында ишке ашырылып жаткан демилгелер талкууланды. Алардын арасында "Жашыл алкак" концепциясын иштеп чыгуу, турак жай секторуна жылуулук насосторун пилоттук негизде киргизүү жана экологиялык багыттагы башка иш-чаралар бар.
Шаар мэри борбор калаада жүргүзүлүп жаткан негизги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Атап айтканда, эко-технологиялык заводду куруу жана иштетүү, жылуулук чарбасындагы муниципалдык ишканаларды модернизациялоо, ошондой эле Аламүдүн жана Ала-Арча сууларынын нугун тазалоо иштери белгиленди.
Мындан тышкары, шаарды көрктөндүрүү максатында 50 миң даана көчөт материалы келип түшкөнү айтылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Бишкектин экологиялык абалын жакшыртуу багытында кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.


