Фермерлерге айыл чарба техникасын алуу үчүн жаңы шарттар сунушталды

Фермерлерге айыл чарба техникасын алуу үчүн жаңы шарттар сунушталды

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Айыл чарбаны кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаменти тарабынан дыйкан-фермерлер жана товар өндүрүүчүлөр үчүн айыл чарба техникасын алуу мүмкүнчүлүктөрүн тааныштыруу иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө министрликтин колдоосу менен "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" аркылуу айыл чарба техникасынын бардык түрлөрүн жеңилдетилген шарттарда насыяга алуу мүмкүн экендиги тууралуу кеңири маалымат берилди.

Ошондой эле министрликтин өкүлдөрү "Автомаш Радиатор" ЖЧКсына барып, заманбап жана сапаттуу айыл чарба техникалары менен жеринен таанышышты. Иш-чаранын алкагында Талас облусунан келген дыйкан Эрнис Байызбек уулу 6%дык жеңилдетилген насыя менен айыл чарба техникасын сатып алды.

Мындан тышкары, "Автомаш Радиатор" компаниясынан алынган "Беларусь" трактору, дан жыйноочу комбайн, чөп таңгактоочу пресс-подборщик, сеялка, дары чачкыч жана башка айыл чарба техникалары жалпыга тааныштырылды.

"Автомаш Радиатор" ЖЧКсы КМШ жана Борбор Азия өлкөлөрүндө радиаторлорду жана жылуулук алмаштыргычтарды толук цикл менен өндүргөн алдыңкы ишканалардын бири болуп саналат. Ишкананын продукциясы эл аралык сапат стандарттарына жооп берет.

Мындан тышкары окуңуз

Коммуналдык кызмат төлөмдөрү үчүн санариптик дүмүрчөктөр киргизилет

Коммуналдык кызмат төлөмдөрү үчүн санариптик дүмүрчөктөр киргизилет

Бишкекте коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн санариптик дүмүрчөктөр киргизилерин мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, президенттин администрациясынын протоколдук тапшырмасын аткаруунун алкагында коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн санариптик дүмүрчөктөргө өтүү маселелери боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү. Анда кызматтардын маалымат базаларын интеграциялоо жана бириктирүү, бирдиктүү төлөм документин түзүү, биллинг системасын өнүктүрүү жана толугу менен санариптик форматка

Кыргызстандагы камсыздандыруу брокерлери жана актуарийлер акы төлөнүүчү мамлекеттик реестрге киргизилет

Кыргызстандагы камсыздандыруу брокерлери жана актуарийлер акы төлөнүүчү мамлекеттик реестрге киргизилет

Кыргызстандын камсыздандыруу брокерлери жана актуарийлери акы төлөнүүчү мамлекеттик реестрге киргизилет. Тиешелүү токтомго Адылбек Касымалиев кол койду. Документ менен камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучуларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби бекитилип, актуарийлер жана камсыздандыруу брокерлери үчүн милдеттүү каттоо киргизилет. Бул каттоосуз өлкө аймагында иш жүргүзүү мыйзамсыз болуп калат. Реестрге киргизүү үчүн белгиленген төлөмдөр каралган.

Экс-депутат К. Самаковго таандык 10 гектар жер үй куруу үчүн трансформацияланат

Экс-депутат К. Самаковго таандык 10 гектар жер үй куруу үчүн трансформацияланат

МинКаб Байтик Баатыр айыл аймагы аймагындагы 10 гектар жерди айыл чарба багытындагы жер категориясынан калктуу конуштардын жер категориясына өткөрдү. Тиешелүү №208 токтом 2026-жылдын 31-мартында кабыл алынган. Документке ылайык, ал жер Карганбек Самаковго таандык. (ЖК КРнын V чакырылышынын мурдагы депутаты). Сөз №202 контур (аянты 4,37 га) жана №411 контур (аянты

Президент Садыр Жапаров окумуштууларга каржылык автономия берди

Президент Садыр Жапаров окумуштууларга каржылык автономия берди

Президент Садыр Жапаров илим тармагын реформалоо жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Документ ата мекендик илимдин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле илим, билим берүү жана өндүрүш ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө багытталган. Жарлыкка ылайык,  Улуттук илимдер академиясы, анын илимий мекемелерине, ошондой эле министрлер кабинетине караштуу илимий жана илимий-техникалык уюмдарга, мамлекеттик