Яндекс Goдо жүргүнчүлөрдүн рейтинги пайда болду

Яндекс Goдо жүргүнчүлөрдүн рейтинги пайда болду

Кыргызстандагы жол жүрүүгө буйрутма берүүчү Яндекс Go сервисинде, эми жүргүнчүлөрдү баалоо системасы киргизилди, ага ылайык айдоочуларды да, жүргүнчүлөрдү да баалаганга болот.  Сапардан кийин жүргүнчү жана айдоочулар бири-бирине баа бере алышат — бул эки тараптын тең тажрыйбасын эске алууга жана тейлөө сапатын колдоого жардам берет.

Жүргүнчүлөрдүн рейтинги айдоочулардын жол жүргөндөн кийинки берген баалоосуна негизделет. Анда тактык, сылыктык, тазалык жана буйрутманын чоо-жайын туура көргөзүү сыяктуу параметрлер эске алынат. Жүргүнчүнүн рейтинги акыркы 40 рейтингдин орточосу катары эсептелет: жаңы унаалар эски унааларга караганда көбүрөөк таасир этет. Максималдуу рейтинг 5.

Жүргүнчүлөр өз кезегинде унааларды ички тазалыгына, айдоо коопсуздугуна, айдоочунун сылыктыгына, тактыгына жана өз убагында келүүсүнө жараша баалашат.

Эгерде жүргүнчүлөрдүн же айдоочулардын кандайдыр бир суроолору болсо, алар тиркемедеги колдоо кызматына кайрыла алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Коммуналдык кызмат төлөмдөрү үчүн санариптик дүмүрчөктөр киргизилет

Коммуналдык кызмат төлөмдөрү үчүн санариптик дүмүрчөктөр киргизилет

Бишкекте коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн санариптик дүмүрчөктөр киргизилерин мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, президенттин администрациясынын протоколдук тапшырмасын аткаруунун алкагында коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн санариптик дүмүрчөктөргө өтүү маселелери боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү. Анда кызматтардын маалымат базаларын интеграциялоо жана бириктирүү, бирдиктүү төлөм документин түзүү, биллинг системасын өнүктүрүү жана толугу менен санариптик форматка

Кыргызстандагы камсыздандыруу брокерлери жана актуарийлер акы төлөнүүчү мамлекеттик реестрге киргизилет

Кыргызстандагы камсыздандыруу брокерлери жана актуарийлер акы төлөнүүчү мамлекеттик реестрге киргизилет

Кыргызстандын камсыздандыруу брокерлери жана актуарийлери акы төлөнүүчү мамлекеттик реестрге киргизилет. Тиешелүү токтомго Адылбек Касымалиев кол койду. Документ менен камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучуларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби бекитилип, актуарийлер жана камсыздандыруу брокерлери үчүн милдеттүү каттоо киргизилет. Бул каттоосуз өлкө аймагында иш жүргүзүү мыйзамсыз болуп калат. Реестрге киргизүү үчүн белгиленген төлөмдөр каралган.

Экс-депутат К. Самаковго таандык 10 гектар жер үй куруу үчүн трансформацияланат

Экс-депутат К. Самаковго таандык 10 гектар жер үй куруу үчүн трансформацияланат

МинКаб Байтик Баатыр айыл аймагы аймагындагы 10 гектар жерди айыл чарба багытындагы жер категориясынан калктуу конуштардын жер категориясына өткөрдү. Тиешелүү №208 токтом 2026-жылдын 31-мартында кабыл алынган. Документке ылайык, ал жер Карганбек Самаковго таандык. (ЖК КРнын V чакырылышынын мурдагы депутаты). Сөз №202 контур (аянты 4,37 га) жана №411 контур (аянты

Президент Садыр Жапаров окумуштууларга каржылык автономия берди

Президент Садыр Жапаров окумуштууларга каржылык автономия берди

Президент Садыр Жапаров илим тармагын реформалоо жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Документ ата мекендик илимдин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле илим, билим берүү жана өндүрүш ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө багытталган. Жарлыкка ылайык,  Улуттук илимдер академиясы, анын илимий мекемелерине, ошондой эле министрлер кабинетине караштуу илимий жана илимий-техникалык уюмдарга, мамлекеттик