Кыргызстанда Кытай технологиясы менен акылдуу күнөсканалар курулат

Кыргызстанда Кытай технологиясы менен акылдуу күнөсканалар курулат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев "Бай Элим" компаниясы жана Кытай Эл Республикасынын Zhongnong Jinda (Hainan) International Trade Co., Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Кыргызстандын аймагында жогорку технологиялуу интеллектуалдык күнөсканаларды куруу жана иштетүү боюнча инвестициялык мүмкүнчүлүктөр талкууланды. Кытай тарап күнөскана чарбасында колдонулуп жаткан заманбап технологиялар тууралуу маалымат берип, сунушталып жаткан системалар топуракка көз каранды эместигин жана туруктуу, жогорку түшүм алууга шарт түзөрүн белгиледи.

Жаныбек Керималиев Кыргызстанда күнөскана чарбаларынын жетишсиз экенин айтып, бул багыт чоң потенциалга ээ экенин белгиледи. Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүп, фермерлерге колдоо көрсөтүүгө жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого өбөлгө түзөт.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну улантууга жана айыл чарба тармагындагы инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде чек араны бекемдөө иштери жүргүзүлүп жатат

Баткенде чек араны бекемдөө иштери жүргүзүлүп жатат

КРнын бажы органдарынын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү биргеликте мамлекеттик чек араны бекемдөө иштерине катышууда. Алар биргелешип Баткен облусунун Самаркандек айылындагы Оток тилкесинде тосмолорду орнотуу иштерин жүргүзүштү. Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлагандай, чек араны бекемдөө иштерине катышуу демилгеси «Баткен» бажысынын кызматкерлери тарабынан офицердик жыйында сунушталып, колдоого алынган. Иш-чарага Мамлекеттик бажы

Кыргызстанда кайра жаралуучу энергия булактары боюнча изилдөө борбору ачылды

Кыргызстанда кайра жаралуучу энергия булактары боюнча изилдөө борбору ачылды

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында жаңыланып туруучу энергия булактары боюнча изилдөө жана тренинг борбору ачылганын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги кабарлады.  Бул демилге Швейцариянын Женева шаарында жайгашкан Булан институту (Bulan Institute for Peace Innovations) жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен биргеликте ишке ашырылды. Аталган борбор энергетика тармагындагы адистерди

Ормуз кысыгы аркылуу мунай танкерлери өтө баштады

Ормуз кысыгы аркылуу мунай танкерлери өтө баштады

Ормуз кысыгы аркылуу өткөн деңиз ташуулары жаңы "эки коридорлуу система" аркылуу жүргүзүлө баштаганын Xinhua агенттигине таянып, Kazinform билдирди. Маалыматка ылайык, 5-апрелде кысык аркылуу жалпысынан 11 кеме өткөн. Анын ичинен үчөө кирген, сегизи чыккан. Кирген кемелердин баары мунай ташыган танкерлер болсо, чыккан кемелердин арасында танкерлер менен жүк ташуучу кемелер

Кыргызстанда азык-түлүк баалары: эмне кымбаттап, эмне арзандады?

Кыргызстанда азык-түлүк баалары: эмне кымбаттап, эмне арзандады?

Кыргызстанда социалдык жактан маанилүү товарлардын баалары туруктуу бойдон калууда. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын акыркы мониторингинин жыйынтыгында маалымдалды. 2026-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейинки мезгилде айрым товарларга баа бир аз өзгөргөн. Тактап айтканда, кумшекер 0,5%га, сабиз 1,4%га кымбаттаган. Адистер муну сезондук фактор менен түшүндүрүшөт. Ал эми