Бишкекте экологиялык жана техникалык көзөмөл боюнча рейд өткөрүлдү

Бишкекте экологиялык жана техникалык көзөмөл боюнча рейд өткөрүлдү

Күн мурун Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери менен биргеликте рейддик иш-чара өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө экологиялык жана техникалык талаптардын сакталуусу текшерилип, Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 234-беренесине ылайык укук бузуулар аныкталды. Натыйжада жеке жакка 30 000 сом административдик айып пул салынды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жана чарба жүргүзүүчү субъекттерди мыйзам талаптарын так сактоого чакырат. Рейддик иш-чаралар туруктуу негизде улантылат.

Мындан тышкары окуңуз

Сүт алуучулар эми сүттү майлуулугуна жараша бекитилген тариф менен алышат

Сүт алуучулар эми сүттү майлуулугуна жараша бекитилген тариф менен алышат

Суу ресурстары, айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңеште жазгы талаа иштери боюнча маалымат берип жатып, уй багуунун чыгымдары акталбай жаткандыгы жана сүттүн баасынын туруксуздугу боюнча депутаттын суроосуна жооп берди.  Анын айтымында, 2025-жылдын соңунан тарта сүт өндүрүүчүлөр менен аны кайра иштетүүчүлөрдүн ортосундагы сүттүн сапатына жараша баа

Айыл жерлериндеги ветеринарларга кошумча төлөмдөр берилет

Айыл жерлериндеги ветеринарларга кошумча төлөмдөр берилет

Ветеринардык кызматтын кызматкерлерине атайын фонддун эсебинен кошумча төлөмдөр берилерин Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди. "Жайында көптөгөн уйлар ооруп, атүгүл эмдөө да жардам берген жок. Бул айрым деңгээлде Ветеринардык кызматтын ишине байланыштуу. Тармактагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн чара көрүү керек", — деди депутат Салтанат Аманова.

А.Навои паркында 2 миң көчөт отургузулат

А.Навои паркында 2 миң көчөт отургузулат

Ош шаарында А.Навои атындагы паркына 2 миңге жакын көчөт отургузулуп жатканын муниципалитеттен билдиришти. Көчөттөрдүн ичинде ясень, кара жыгач, катальпа жана жашыл жалбырактуу клен дарактары бар. Белгилей кетсек, буга чейин шаар башчысынын тапшырмасы менен аталган парктагы бир катар соода-сатык күркөлөрү жана эскилиги жеткен имараттар алынып салынып, шаар тургундары үчүн заманбап

Ысык-Көл облусу келечекте толугу менен тамчылатып, чачыратып сугарууга өтөт

Ысык-Көл облусу келечекте толугу менен тамчылатып, чачыратып сугарууга өтөт

Ысык-Көл облусу толугу менен тамчылатып, чачыратып сугаруу ыкмасына өтөрүн МинКаб төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты. Министр белгилегендей, жакында чачыратып, тамчылатып сугаруу системасына өткөн дыйкан-фермерлерге 2%дык жеңилдетилген насыялар бериле баштайт. Ошондой эле ал Ысык-Көл облусу