Быйыл агроөнөр жай комплексине 40 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Быйыл агроөнөр жай комплексине 40 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

2026-жылга агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү үчүн 40 миллиард сомдон ашык каражат каралган. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, каражаттар жазгы талаа иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү, фермерлерди колдоо максатында министрлер кабинети тарабынан ишке ашырылып жаткан мамлекеттик долбоорлор жана инвестициялык программаларга багытталган.

"2026-жылга республикалык бюджеттен 6 млрд сом, атайын эсептен 1,5 млрд сом, мамлекеттик инвестициялык долбоорлордон 11 млрд сом, капиталдык салымдардан 14,3 млрд сом, ошондой эле 7 мамлекеттик колдоо долбоорлорунан 9,3 млрд сом каралган", — деди Бакыт Төрөбаев.

Мындан тышкары окуңуз

А.Навои паркында 2 миң көчөт отургузулат

А.Навои паркында 2 миң көчөт отургузулат

Ош шаарында А.Навои атындагы паркына 2 миңге жакын көчөт отургузулуп жатканын муниципалитеттен билдиришти. Көчөттөрдүн ичинде ясень, кара жыгач, катальпа жана жашыл жалбырактуу клен дарактары бар. Белгилей кетсек, буга чейин шаар башчысынын тапшырмасы менен аталган парктагы бир катар соода-сатык күркөлөрү жана эскилиги жеткен имараттар алынып салынып, шаар тургундары үчүн заманбап

Ысык-Көл облусу келечекте толугу менен тамчылатып, чачыратып сугарууга өтөт

Ысык-Көл облусу келечекте толугу менен тамчылатып, чачыратып сугарууга өтөт

Ысык-Көл облусу толугу менен тамчылатып, чачыратып сугаруу ыкмасына өтөрүн МинКаб төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты. Министр белгилегендей, жакында чачыратып, тамчылатып сугаруу системасына өткөн дыйкан-фермерлерге 2%дык жеңилдетилген насыялар бериле баштайт. Ошондой эле ал Ысык-Көл облусу

Эми "i-Dyikan" платформасы менен фермерлер насыя үчүн онлайн кезекке тура алышат

Эми "i-Dyikan" платформасы менен фермерлер насыя үчүн онлайн кезекке тура алышат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" менен биргеликте фермерлерге жеңилдетилген насыяларды алуу үчүн электрондук кезек жакын арада ишке кирерин жарыялады. Ведомствонун маалыматына ылайык, жаңы санариптик механизм Министрликтин техникалык оператору — "АгроСмарт" мамлекеттик мекемеситарабынан иштелип чыгып, "

Кадамжайда мыйзамсыз берилген айыл чарба имараты мамлекетке кайтарылды

Кадамжайда мыйзамсыз берилген айыл чарба имараты мамлекетке кайтарылды

Кадамжай районунун Молдо-Нияз аймагындагы айыл чарба имараты жана башка кошумча курулуштар мамлекетке кайтарылды. УКМКнын маалыматка ылайык, 2000-жылдары жалпы аянты 0,86 га түзгөн жер участогу айыл чарба өсүмдүктөрүн сактоо үчүн курулган кампалары менен кошо мыйзам талаптарына каршы келип, жеке тарапка тиешелүү иш-кагаздарысыз чыгарылып алынган. Тергөө иш-чараларынын натыйжасында мыйзам бузуулар жоюлуп,