Кадамжайда мыйзамсыз берилген айыл чарба имараты мамлекетке кайтарылды

Кадамжайда мыйзамсыз берилген айыл чарба имараты мамлекетке кайтарылды

Кадамжай районунун Молдо-Нияз аймагындагы айыл чарба имараты жана башка кошумча курулуштар мамлекетке кайтарылды.

УКМКнын маалыматка ылайык, 2000-жылдары жалпы аянты 0,86 га түзгөн жер участогу айыл чарба өсүмдүктөрүн сактоо үчүн курулган кампалары менен кошо мыйзам талаптарына каршы келип, жеке тарапка тиешелүү иш-кагаздарысыз чыгарылып алынган.

Тергөө иш-чараларынын натыйжасында мыйзам бузуулар жоюлуп, жалпы аянты 0,86 га жер тилкесиндеги айыл чарба имараты мамлекеттин балансына кайтарылды.

Мындан тышкары окуңуз

Барскоон – Бедел жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдү

Барскоон – Бедел жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Барскоон – Бедел автомобиль жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция" мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жаңы дирекция Барскоон – Бедел унаа жолун куруу долбоорун ишке ашырууну уюштуруучу жана координациялоочу ыйгарым укуктуу орган болуп саналат. Министрлер кабинетинин төрагасы А.Касымалиевдин тескемесине ылайык, мамлекеттик мекеменин башкы

Улуу Жибек жолу поезди менен Европадан, АКШдан 60тан ашуун турист Бишкекке келди

Улуу Жибек жолу поезди менен Европадан, АКШдан 60тан ашуун турист Бишкекке келди

Бишкек шаарына Германиянын туроператору Lernidee Erlebnisreisen GmbH уюштурган эл аралык туристтик поезд келди. Поезд Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу өткөн Улуу Жибек жолу багыты менен жүрөт. "Кыргыз темир жолунун" маалыматына ылайык, поезд 6-апрелде "Бишкек-2" темир жол бекетине келип токтоду. Анын курамында 12 ыңгайлуу вагон бар. Поездде Батыш

Камсыздандыруу рыногунда бирдиктүү мамлекеттик реестр киргизилет

Камсыздандыруу рыногунда бирдиктүү мамлекеттик реестр киргизилет

2026-жылдын 3-апрелинде КРнын Министрлер Кабинети тарабынан №219 токтом кабыл алынып, актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби бекитилди. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынан кабарлашты. Жаңы ченемдик укуктук акт камсыздандыруу рыногун жөнгө салууну жакшыртууга, анын ачыктыгын жогорулатууга жана тармактагы кесипкөй катышуучулардын ишине мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө

Таласта эт баасын жогорулаткан соода түйүндөрүнө айып салынды

Таласта эт баасын жогорулаткан соода түйүндөрүнө айып салынды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү эттин баасын мамлекеттик жөнгө салуу боюнча мониторинг жүргүздү. Аталган кызматтын маалыматына ылайык, текшерүү 2026-жылдын 3-апрелинде өткөрүлүп, ага жергиликтүү бийлик, салык кызматы, ички иштер органдары жана ЖМК өкүлдөрү катышты. Мониторинг Талас шаарынын борбордук базарынын аймагында, ошондой эле "Алтын Казык" жана "