Жаш адистерге жаңы мүмкүнчүлүк: стажировка жана айына 8 600 сом
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Дүйнөлүк банк менен биргеликте ишке ашырып жаткан "Жаштар стажировкасы" программасы иш берүүчүлөргө 16дан 35 жашка чейинки жаш адистерди тартууга мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Программа эмгек рыногунда суроо-талап жогору болгон кесиптер боюнча кадрларды даярдоого багытталган. Катышуучулар кыска мөөнөттүү окуудан өтүп, андан соң жеке, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарга стажировкага жөнөтүлөт.
Иш берүүчүлөргө программанын артыкчылыктары: жаш адистерди уюмдун муктаждыгына ылайык даярдоо, кадрларды издөөгө кетчү чыгымдарды кыскартуу, базалык көндүмдөргө ээ, мотивациясы жогору жаштарга жеткиликтүүлүк жана стажерлерди расмий жумушка кабыл алууга чейин баалоо мүмкүнчүлүгү.
Стажерлерге айына 8 600 сом стипендия төлөнүп, окуу мезгилинде да каралган. Программа Кыргызстан боюнча 30 пилоттук шаарда жана райондо ишке ашырылууда. Катышууну каалаган иш берүүчүлөр жергиликтүү жумушка орношууга көмөктөшүү кызматтарына кайрыла алышат же арызды онлайн тапшыра алышат.
Долбоор жаштардын кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, жумуш менен камсыздоону колдоого жана жергиликтүү эмгек рыногун чыңдоого багытталган.