Пенсионердин 850 миң сомун алдап алган жаран кармалды
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 2 ай мурун пенсионердин 850 миң сомун алдамчылык менени котортуп алган шылуун кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 12-декабрында милицияга 77 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анын айтымында, өздөрүн күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катары тааныштырган белгисиз адамдар аны алдап, 850 миң сом котортуп алышкан.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча каттоого алынган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө 2004-жылы туулган А.Ж. аттуу жаран шектүү катары кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
.