Фермерлерге мал чарбачылыгын өнүктүрүүнүн заманбап ыкмалары үйрөтүлдү
Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институту KOPIA борбору менен биргеликте Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат жана Кара-Кулжа райондорунда 17-19-февраль күндөрү мазмундуу жана практикага багытталган окуу семинарлары өткөрдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Семинарлар айыл чарба малдарын туура багуу, рационалдуу тоюттандыруу жана жасалма жол менен уруктандыруу багытында фермерлердин жана тармак адистеринин билимин тереңдетүүгө арналды. Негизги максат — заманбап мал чарбачылык ыкмаларын жеткирүү аркылуу өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу, малдын сапаты жана продуктивдүүлүгүн арттыруу.
Окуу программасы теория менен гана чектелбей, практикалык машыгуулар менен коштолду. Катышуучулар тоют рационун түзүүнүн илимий негиздерин, сапаттуу тоюттун малдын өсүшүнө жана сүт/эт өндүрүшүнө таасирин, жасалма уруктандыруунун артыкчылыктарын жана генетикалык сапатты жакшыртуудагы ролун, ошондой эле заманбап биотехнологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн үйрөнүштү.
Адистердин айтымында, мындай окутуулар фермерлердин иш тажрыйбасын жаңылап, атаандаштыкка жөндөмдүү жана туруктуу айыл чарба өндүрүшүн калыптандырууга өбөлгө түзөт. Бул семинарлар — илим менен практиканын айкалышкан жыйынтыгы болуп, аймактардагы мал чарбачылыгын жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталган маанилүү кадам болду.