Бакыт Төрөбаев кызмат ордунан бошотулду
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Төрөбаев Бакыт Эргешевич ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 71-беренесине ылайык, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Төрөбаев Бакыт Эргешевич кызматынан бошотулду.
Тиешелүү Жарлыкка мамлекет башчысы тарабынан кол коюлуп, ал мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирди.