Бишкек мэри базар аймактарын көрктөндүрүү боюнча тапшырма берди

Бишкек мэри базар аймактарын көрктөндүрүү боюнча тапшырма берди

23-февралда Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Свердлов районунун аймагындагы базарларды көрктөндүрүү маселеси боюнча жеринде текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Текшерүүнүн алгачкы объектиси Дордой базары болду. Бул жерде аймакты көрктөндүрүү иштери жүрүп жатканын көргөн мэр көлдүн айланасын тазалоо, камыштардан арылтуу жана көрктөндүрүү иштерин улантуу боюнча тапшырмаларды берди. Белгиленгендей, бүгүнкү күнгө чейин суу сактагычтан 20 тоннадан ашык таштанды чыгарылган. Ошондой эле жолду кеңейтүү жана жаңы жол куруу пландары айтылды.

Тиешелүү кызматтарга жол курууга даярдыкты күчөтүү, долбоорго тоскоол болгон мыйзамсыз объектилер боюнча чара көрүү, жашыл аймактарга автоунаа токтотууга жол бербөө жана базар аймагында көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайлар үчүн мүмкүн болгон тилкелерди кароо милдеттери жүктөлдү.

Андан соң мэр Аламүдүн-1 кичи районунда жайгашкан Динар базары жана Чынар базары аймактарын да текшерди. "Динар" базарынын ижарачысына тротуарларды мурдагы абалына келтирүү жана шаар тургундары үчүн ачык кармоо тапшырылды. Ошондой эле санитардык талаптарды сактоо жана мыйзамсыз объектилерди аныктоо боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар жетекчилерге сөгүш жарыяланып, Свердлов районунун башчысына базарларды көрктөндүрүү иштерин жеке көзөмөлүнө алуу жана аймактарды талаптагыдай абалга келтирүү милдети жүктөлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусунун Араван районунда жергиликтүү актив жана тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өтүп, анда аймактагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү. Жолугушууда тургундар мектеп жана бала бакча куруу, билим берүү мекемелерин кеңейтүү, жер тилкелерин берүү, ирригация системасын жакшыртуу, газдаштыруу, медициналык тейлөө жана жол инфраструктурасы боюнча маселелерди

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районуна барып, аймакты өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Араван районунун акими Данияр Эркимбаев мамлекет башчысына акыркы жылдары аткарылган иштер жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2021–2025-жылдары жол тармагына 954

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкек шаарынын ИИББгы дем алыш күндөрү жарандардын коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнан кабарлашты. билдирүүгө караганда, өзгөчө көңүл укук бузуулардын алдын алууга, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, ошондой эле кыраакылыкты жогорулатууга бурулмакчы. Ага ылайык, сейил бактарда жана адамдар көп чогулган жайларда кызмат өтөөгө өзгөчө көңүл

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте 10-апрелде финансылык алдамчылыкка каршы күрөшүү маселелери боюнча блогерлер жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө мобилдик байланыш жана интернет аркылуу жасалган алдамчылык схемалары тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча “дропперлик” — жарандардын банктык карталарын жана жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга берүү