Өлкөдө 40 соода-логистикалык борбор толук кубаттуулукта иштеп жатат

Өлкөдө 40 соода-логистикалык борбор толук кубаттуулукта иштеп жатат

Учурда өлкө боюнча 40 соода-логистикалык борбор толук кубаттуулукта иштеп жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул борборлор кайра иштетүүчү ишканалардын базасында же алардын продукциясын тейлеген өз алдынча экономикалык субъект катары кызмат көрсөтөт. Борборлордо айыл чарба продукциясын жана чийки затты сактоо, тоңдуруу, таңгактоо, маркалоо, сертификациялоо жана ташып жеткирүү иштери жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 483 орто жана ири кайра иштетүүчү ишкана иш алып барууда, алардын дээрлик бардыгы заманбап кампалар жана атайын сактоочу бөлүмдөр менен жабдылган.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылы дагы 75 кайра иштетүүчү ишкана курулуп, анын ичинен 8 логистикалык борбордун объекттери ишке киргизилет. Мындан тышкары, 2030-жылга чейинки стратегиялык программа боюнча дагы 40 жаңы соода-логистикалык борбор куруу пландалууда.

Министрлик белгилегендей, борборлор экспорт-импорт агымдарын натыйжалуу башкарууга, айыл чарба продукциясын сактоо, кайра иштетүү жана бөлүштүрүү системасын өнүктүрүүгө багытталган. Жаңы борборлордо кампалар, административдик имараттар, заманбап жабдуулар жана IT-системалар орнотулат. Ошондой эле кадрларды тандоо, окутуу жана кызматкерлерди шыктандыруу, электрондук документ жүгүртүү жана санарип кызматтар киргизүү иштерин камтыйт.

Борборлор тесттик режимде ишке киргизилип, натыйжалуулугу бааланат. Келечекте кызмат көрсөтүүлөрдүн түрүн кеңейтүү, автоматташтыруу, электрондук соода жана блокчейн технологияларын киргизүү пландалууда, - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөгө 7,4 млрд сом жумшады

Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөгө 7,4 млрд сом жумшады

2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөгө 7 млрд 470 млн сом же болжол менен 85,3 млн доллар жумшаганы Финансы министрлигинин отчетунда көрсөтүлгөн. Анын ичинде тышкы карызды төлөөгө 3 млрд 48,2 млн сом (34,8 млн доллар), ал эми ички карызды жабууга 4 млрд 421,8

Кыргызстанда 2025-жылы камсыздандыруу төлөмдөрү 6 эсеге өскөн

Кыргызстанда 2025-жылы камсыздандыруу төлөмдөрү 6 эсеге өскөн

Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы 2025-жылы жарандарга 147 млн сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп бергенин "Биринчи радиого" берген маегинде компенсациялар жана камсыздандыруу төлөмдөрү башкармалыгынын башчысы Азат Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик ишкананын түзүлүшүнүн негизги максаты — жарандарды өрт кырсыктары, табигый апааттар жана башка өзгөчө кырдаалдарда турак жайынан же мүлкүнөн ажырап калган

Кыргызстандагы ишкер айымдарга акысыз колдоо көрсөтүлөт – ментордук программага кабыл алуу башталды

Кыргызстандагы ишкер айымдарга акысыз колдоо көрсөтүлөт – ментордук программага кабыл алуу башталды

“Ишкер айымдар” ментордук программасынын юбилейлик сезонуна чакан жана орто бизнесте кеминде эки жылдык тажрыйбасы бар ишкер айымдар катыша алышат. Анкеталарды толтуруунун мөөнөтү – 2026-жылдын 2-мартына чейин. Кыргызстанда “Ишкер айымдар” ментордук программасынын бешинчи юбилейлик сезонуна катышуучуларды кабыл алуу башталды. Бул демилге аялдардын ишкерлигин колдоого жана экономикадагы аял-лидерлердин ролун бекемдөөгө багытталып, Европа реконструкциялоо

Улуттук банк: Кыргызстандагы эсептик чен коңшу өлкөлөрдүкүнө салыштырмалуу төмөн

Улуттук банк: Кыргызстандагы эсептик чен коңшу өлкөлөрдүкүнө салыштырмалуу төмөн

Кыргызстанда эсептик чен жарыяланган жогорулатууга карабастан, аймактагы өлкөлөрдүн ичинен эң төмөн бойдон калганын маалымат жыйында Азат Козубеков билдирди. Анын айтымында, Россия Федерациясында эсептик чен 15,5%дан жогору деңгээлде сакталууда. "Эки жума мурда Россиянын Борбордук банкы эсептик ченди төмөндөтүү чечимин кабыл алган. Бирок ошого карабастан, ал 15,5%дан