Бишкекте №23 мектептин жаңы имараты 560 окуучуга ылайыкталат

Бишкекте №23 мектептин жаңы имараты 560 окуучуга ылайыкталат

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Жибек-Жолу проспектиси, 281 дарегинде жайгашкан №23 жалпы орто билим берүү мектебинин жаңы имаратынын курулуш иштери улантылууда.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, имарат үч кабаттан жана жер төлөдөн турат. Жалпы аянты 5 199,19 чарчы метрди түзүп, мектеп 560 окуучуга ылайыкталган.

Белгилей кетсек, билим берүү мекемесинин аймагы көрктөндүрүлүп, заманбап инфраструктура менен камсыздалат. Анын ичинде кичи-футбол аянтчасы, баскетбол жана волейбол аянтчалары, машыгуу зонасы, балдар ойноочу аянтча, асфальт-бетон жана таман таш төшөлгөн жолдор, канализация системасы, ошондой эле өрт коопсуздугу үчүн атайын өтмөктөр каралган.

Учурда ички жана тышкы жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө. Курулуш иштерин "СК Лидер Хаус" ЖЧКсы аткарууда. Мындан тышкары, футбол жана баскетбол аянтчаларына тосмолор орнотулууда.


Мындан тышкары окуңуз

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусунун Араван районунда жергиликтүү актив жана тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өтүп, анда аймактагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү. Жолугушууда тургундар мектеп жана бала бакча куруу, билим берүү мекемелерин кеңейтүү, жер тилкелерин берүү, ирригация системасын жакшыртуу, газдаштыруу, медициналык тейлөө жана жол инфраструктурасы боюнча маселелерди

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районуна барып, аймакты өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Араван районунун акими Данияр Эркимбаев мамлекет башчысына акыркы жылдары аткарылган иштер жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2021–2025-жылдары жол тармагына 954

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкек шаарынын ИИББгы дем алыш күндөрү жарандардын коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнан кабарлашты. билдирүүгө караганда, өзгөчө көңүл укук бузуулардын алдын алууга, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, ошондой эле кыраакылыкты жогорулатууга бурулмакчы. Ага ылайык, сейил бактарда жана адамдар көп чогулган жайларда кызмат өтөөгө өзгөчө көңүл

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте 10-апрелде финансылык алдамчылыкка каршы күрөшүү маселелери боюнча блогерлер жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө мобилдик байланыш жана интернет аркылуу жасалган алдамчылык схемалары тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча “дропперлик” — жарандардын банктык карталарын жана жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга берүү