Эмгек министрлиги ЮНИСЕФ менен балдарды социалдык коргоо маселесин талкуулады
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министрдин биринчи орун басары К. С. Досматов ЮНИСЕФтин өкүлүнүн орун басары Анна Даутович менен жолугушту. Анда оор турмуштук кырдаалда турган балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүү маселелери каралды.
Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда мамлекеттик жөлөкпулдар системасын өркүндөтүү жана социалдык колдоонун сапатын жогорулатуу талкууланды. Ошондой эле жаңы киргизилген 550 социалдык кызматкердин милдеттери аныкталып, алардын иши балдарды коргоого, үй-бүлөлөрдү коштоого жана мекемелер аралык координацияны камсыздоого багытталаары белгиленди.
Тараптар балдардын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен аракеттенүү планын талкуулап, кызматташууну улантууга даяр экенин билдиришти.
Жолугушуунун соңунда К. С. Досматов ЮНИСЕФтин Балдарды коргоо жана социалдык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сильви Хиллге балдарды коргоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйлык тапшырды.