Фитосанитардык сертификатта дарек туура эмес болсо, чектөө колдонулат

Фитосанитардык сертификатта дарек туура эмес болсо, чектөө колдонулат

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаментинин аймактык башкармалыктарында тышкы экономикалык иштин катышуучулары менен жолугушуулар өтүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Аталган департамент фитосанитардык талаптарды так сактоо максатында өлкөнүн бардык аймактарында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Иш-чаралардын негизги максаты — экспорттолгон жүктөр боюнча бара турган өлкөдөгү жүк алуучулардын даректерин фитосанитардык сертификаттарда туура жана так көрсөтүүнүн зарылдыгын эскертүү. Бул талаптардын бузулушу эл аралык соодадагы көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн.

Белгиленгендей, эгер экспорттоочу фитосанитардык сертификатта жүк алуучунун дарегин атайылап туура эмес көрсөтсө жана мындай фактылар жүк баруучу мамлекеттин өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан бир жыл ичинде эки жолу расмий билдирилсе, анда жөнөтүүчүгө фитосанитардык сертификат берүүдөн баш тартылат.

Мындай чектөө чарасы 60 календардык күнгө чейин колдонулат.

Департамент тышкы экономикалык иштин катышуучуларын фитосанитардык талаптарды так сактоого жана экспорттук документтерди туура тариздөөгө чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусунун Араван районунда жергиликтүү актив жана тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өтүп, анда аймактагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү. Жолугушууда тургундар мектеп жана бала бакча куруу, билим берүү мекемелерин кеңейтүү, жер тилкелерин берүү, ирригация системасын жакшыртуу, газдаштыруу, медициналык тейлөө жана жол инфраструктурасы боюнча маселелерди

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районуна барып, аймакты өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Араван районунун акими Данияр Эркимбаев мамлекет башчысына акыркы жылдары аткарылган иштер жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2021–2025-жылдары жол тармагына 954

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкек шаарынын ИИББгы дем алыш күндөрү жарандардын коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнан кабарлашты. билдирүүгө караганда, өзгөчө көңүл укук бузуулардын алдын алууга, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, ошондой эле кыраакылыкты жогорулатууга бурулмакчы. Ага ылайык, сейил бактарда жана адамдар көп чогулган жайларда кызмат өтөөгө өзгөчө көңүл

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте 10-апрелде финансылык алдамчылыкка каршы күрөшүү маселелери боюнча блогерлер жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө мобилдик байланыш жана интернет аркылуу жасалган алдамчылык схемалары тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча “дропперлик” — жарандардын банктык карталарын жана жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга берүү