Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.
Атап айтканда, Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын, Архив кызматынын, "Түндүк" ААКсынын, "Кыргыз почтасы" ААКсынын жана "Кыргызтелеком" ААКсынын иш жыйынтыктары каралды.
Эдил Байсалов санариптик трансформация мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууда жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгын камсыздоодо стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи.
Коллегиянын жыйынтыгында санариптик реформаларды ылдамдатуу, мамлекеттик сервистерди жакшыртуу жана заманбап санариптик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча мындан аркы багыттар аныкталды.