"Бишкек жашыл курулуш" жоогазындарга буйрутма ала баштады
"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы 8-март – Эл аралык аялдар күнүнө карата жоогазындарга буйрутма кабыл ала баштады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Майрамга даярдык көрүү максатында ишкана жаңы кесилген жоогазындарды төмөнкү баада сунуштайт:
Дүң баа – 100 даана жана андан көп буйрутма бергендер үчүн бир даанасы 75 сом;
Чекене баа – 100 даанага чейинки буйрутмалар үчүн бир даанасы 85 сом.
Жоогазындар бардык агротехникалык талаптарга ылайык өстүрүлүп, белгиленген сапат стандарттарына жооп берет.
Буйрутмалар Бишкек шаары, Ташкент көчөсү, 17 дареги боюнча кабыл алынат. Кошумча маалымат алуу үчүн: +996 702 114 312.


