Манас шаарында жаңы административдик имарат курулууда
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында курулуш объектилериндеги иштердин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Министр Манас шаарындагы Ж. Абдурахманов көчөсү 6/2 дарегинде курулуп жаткан Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы административдик имаратын көрүп чыкты. Ал кызматкерлер менен жолугуп, жаңы имарат жакынкы аралыкта пайдаланууга берилерин белгиледи.
Долбоор боюнча имарат заманбап стандарттарга ылайык курулуп, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар жана жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Жалпы аянты 1000 чарчы метрди түзгөн имарат 3 кабаттан турат. Курулуш иштери 2025-жылдын октябрь айында башталган.
Белгилей кетсек, буга чейин башкармалыктын имараты эски жана тар болгондуктан, кызматкерлер ыңгайсыз шартта иштеп келишкен. Жаңы административдик имарат мамлекеттик бюджеттен эмес, министрликтин ички ресурстарынын эсебинен курулууда.


