Муктаж үй-бүлөлөргө жана майыптыгы бар жарандарга колдоо көрсөтүлдү
Кечээ "Ассанабил" коомдук фондунун кеңсесинин алдында социалдык жактан аяр абалда турган жарандарга техникалык жана тиричилик каражаттарын тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чара "Үмүт жарыгы" долбоорунун алкагында уюштурулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Аземге Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин орун басары А. Орозбаева катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө беш жана андан көп баланы тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө 7 даана "Желмаян" жүк ташуучу мототроллери тапшырылды. Ошондой эле техникалык реабилитациялык каражаттарга муктаж жарандарга 10 даана майыптар коляскасы берилди.
Мындан тышкары, аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөрдөгү энелерге жеке ишин баштоо жана материалдык абалын жакшыртуу максатында тигүүчү машиналар берилди.
Көрсөтүлгөн жардам көп балалуу энелердин ишкердик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын кыймыл-аракетин жеңилдетүүгө жана оор турмуштук кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн экономикалык туруктуулугун бекемдөөгө багытталган.

