Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү
Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган алименттин суммасы 585 497 сомду түзгөн. Бул өлчөмдөгү алименттик карыз толугу менен баланын энесине өткөрүлүп берилди.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, былтыр 2025-жылы өлкөдө 1 миң 200 киши алимент төлөбөй жүргөнү аныкталган.
Сот департаментинин маалыматына ылайык, 59 миңден ашык иш ачык турат. Расмий маалыматка караганда, өлкөдө ажырашкандардын 2% гана балдарына алимент төлөйт.

