Оштогу 275 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында

Оштогу 275 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында

Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарынын Төлөйкөн айылында 275 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, билим уясынын жалпы наркы 134 миллион сомду түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын июль айында башталган. Учурда имараттын “А” блогу 95%га бүткөрүлүп, “Б” блогунда 70%дык жумуш аткарылды.

Жаңы мектеп заманбап үлгүдө салынып, кенен негизги окуу класстары, компьютердик класс, эмгек кабинеттер, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана бардык шарттары менен спорт залы каралган.

Объекттин курулуш иштерин “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Мектеп пайдаланууга берилгенден кийин 600гө жакын окуучунун билим алуусуна шарт түзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Ош шаарынын бюджети 2026-жылы 1,8 млрд сомго көбөйөт

Ош шаарынын бюджети 2026-жылы 1,8 млрд сомго көбөйөт

Ош шаарында 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Документке ылайык, шаардын бюджети 5 млрд 205 млн сомду түзөт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 1,8 млрд сомго көп экенин Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Коомдук угууга шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, мэрдин биринчи орун басары Оморбек

Былтыр айыл чарбасынын дүң продукциясы 459,7 млрд сомго жетти

Былтыр айыл чарбасынын дүң продукциясы 459,7 млрд сомго жетти

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн республикалык кеңешмеде 2025-жылы экономиканын реалдуу секторунда аткарылган иштер тууралуу баяндама жасады. Анын айтымында, 2025-жылы реалдуу сектор туруктуу өсүштү камсыз кылды. Айыл чарбасынын дүң продукциясы 459,7 млрд сомго жетип, 2024-жылга салыштырмалуу дээрлик

Былтыр Кыргызстан 700 млн долларлык еврооблигация жайгаштырды

Былтыр Кыргызстан 700 млн долларлык еврооблигация жайгаштырды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн республикалык кеңешмеде 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча баяндама жасады. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Анын айтымында, өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү мурдагы узак мөөнөттүү болжолдордон кыйла ашты. 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында жылдык орточо өсүш 5% деңгээлинде каралган болсо, акыркы төрт

Манас шаарында жаңы административдик имарат курулууда

Манас шаарында жаңы административдик имарат курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында курулуш объектилериндеги иштердин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министр Манас шаарындагы Ж. Абдурахманов көчөсү 6/2 дарегинде курулуп жаткан Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы административдик имаратын көрүп чыкты. Ал кызматкерлер