Оштогу мыйзамсыз берилген 1,05 га жайыт жер мамлекетке кайтарылды
Оштогу мыйзамсыз берилген 1,05 гектар жайыт жер боюнча соттук териштирүү жыйынтыкталып, жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан берилген доо-арыз канааттандырылды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту Ош облустук административдик сотунун чечимин күчүндө калтырып, мыйзамсыз берилген 1,05 гектар жайыт жерин мамлекеттин менчигине кайтарды.