Жерди көзөмөлдөө инспекторлору боди-камераларды колдоно баштайт

Жерди көзөмөлдөө инспекторлору боди-камераларды колдоно баштайт

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 Жарлыгына ылайык, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү максатында Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору кызматтык милдеттерин аткарууда боди-камераларды колдонушат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Бул демилгенин алкагында инспекторлор үчүн боди-камераларды колдонуу тартиби жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Адистер жабдууларды туура пайдалануу, маалыматтарды сактоо жана коопсуздук талаптарын аткаруу боюнча маалымат беришти.

Боди-камераларды колдонуу жарандар менен инспекторлордун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн ачыктыгын камсыз кылууга багытталган. Бул чара талаш-тартыштуу жагдайлардын алдын алууга жана коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюуга өбөлгө түзөт.

Долбоор пилоттук негизде Бишкек шаары жана Чүй облусунда, ошондой эле Ош шаары жана Ош облусундагы аймактык башкармалыктарда ишке ашырылат.

Аталган кадам мамлекеттик көзөмөл органдарынын ишинин айкындуулугун жогорулатууга жана коомчулуктун ишенимин бекемдөөгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте электросамокаттарды пайдалануу тартиби күчөтүлөт

Бишкекте электросамокаттарды пайдалануу тартиби күчөтүлөт

Жылуу аба ырайынын башталышы менен Бишкекте электросамокат, велосипед жана кыска мөөнөттүү ижара кызматтарын колдонуу сезону активдешүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Буга байланыштуу шаар мэриясында аппарат жетекчиси Ильяс Колоповдун төрагалыгы алдында кикшеринг компанияларынын өкүлдөрү менен жыйын өттү. Жыйында электросамокаттарды пайдаланууну мыйзам талаптарына жана жол кыймылынын эрежелерине ылайык жөнгө салуу маселеси талкууланды.

Кыргызстан менен Евробиримдик санкциялар жана банк секторун талкуулашты

Кыргызстан менен Евробиримдик санкциялар жана банк секторун талкуулашты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан менен жолугушту. ЕБ өкүлү Кыргызстанга жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматына билдиришти. Тараптар санкциялык маселелер боюнча пикир алышты. Кыргыз тарап тышкы экономикалык операцияларда комплаенс, финансылык мониторинг жана көзөмөл чаралары

"Жаштык" аренасында Кыргызстан жаштар кыймылынын кеңсеси ачылды

"Жаштык" аренасында Кыргызстан жаштар кыймылынын кеңсеси ачылды

26-февралда "Жаштык" аренасында Кыргызстан жаштар кыймылынын жаңы кеңсесинин салтанаттуу ачылышы болду. Муниципалитет жаштар саясатын өнүктүрүүгө жана жаштар демилгелерин ишке ашырууга шарт түзүү максатында атайын кеңсе бөлүп берди. Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Жогорку Кеңештин

АКШда жылдан жылга америкалыктардын сыртка карай агымы өсүп жатат

АКШда жылдан жылга америкалыктардын сыртка карай агымы өсүп жатат

2025-жылы АКШдан 1930-жылдан бери алгач ирет келгендерге караганда кеткендердин көбөйүшү Улуу депрессия мезгилинен бери биринчи жолу катталды. Brookings Institution маалыматына ылайык, аталган жылы таза терс миграциялык өсүш байкалган: болжол менен 150 миң адам өлкөдөн чыгып кеткен. 2026-жылы калктын агымы мындан ары да көбөйөрү күтүлүп жатат. The Wall Street Journal жазгандай,