Бишкекте бийик имараттарды курууда жаңы технологиялар колдонулууда
Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов адистер менен бирге Бишкектеги көп кабаттуу курулуш объектилеринде колдонулуп жаткан технологиялар менен таанышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Алар курулуштун жүрүшүн, инженердик чечимдерди жана техникалык коопсуздук чараларын карашты.
Бийик имараттарда вертикалдык көтөрүүчү элементтер үчүн болот-темирбетон (курамдуу) конструкцияларын колдонуу практикасы киргизилүүдө. Бул ыкма имараттын жүк көтөрүмдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатат.
Адистер Логвиненко көчөсүндөгү “Bay Tash 111 Tower” жана Манас проспектисиндеги “Москва” турак жай комплексиндеги курулуш иштерин да көрүп чыгышты.
Иш-чаранын максаты — заманбап инженердик чечимдерди талдоо жана алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу.


