Бишкекте эки конушта суу берүү убактылуу токтотулат
5-мартта Бишкек шаарындагы Ала-Тоо 1 жана Ала-Тоо 2 конуштарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине суу саат 9:00дөн 21:00гө чейин берилбейт.
Сууну өчүрүү "Ала-Тоо" суу топтомосунда жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу болууда.
"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, мекемелерди жана тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.